Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Чүй

Айыл турмушу: Жыгач уста Н.Бурбаев өрүк жана кайыңдан жасаган шахматтарын 100 доллардан жогору баалайт (фото)

Turmush -  Нурлан Бурбаев Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында 1981-жылы туулган. Ал ушул кезге чейин жыгачтан ар кыл багыттагы буюмдарды жасайт. Аймактык кабарчы өнөр ээси менен таанышты.

Нурлан Бурбаев Таш-Дөбө орто мектебин 1998-жылы бүткөн. Андан соң С.Чокморов атындагы сүрөт кесиптик лицейинде окуп, жыгач устачылык кесибин алып чыккан. Окуу жайды 2000-жылы бүтүрүп, кол эмгек сабагынан айылдагы окуучуларга билим берип баштаган.

«Азыр үй-бүлөм менен Чүй өрөөнүндө турам. Үйүмө атайын чакан өнөркана ачып, ага керектүү жабдыктарды алып, азем белектерди, шахмат, бешиктердин түрүн, тогуз коргоол ойной турган буюмдарды жасайм.

Көбүнчө сүрөт тартып, боёктор менен иштейм. Жыгачтарды ар кыл формага бөлүп, кооздоп чыгам жана үйгө керектүү тепкичтерди жасайм. Ал эми буюмдарымды жармаңкелерге чыгып сатып жүрөбүз. Мага базарлардан, дүкөндөрдөн ар кандай азем белектерге буйрутмалар келет», - деди Н.Бурбаев.

Нурлан Бурбаевдин колунан жасалган шахматтардын баасы 1500 сомдон өйдө. Ал эми өрүк, кайыңдан жасалган шахмат 100 доллардан жогору бааланат.

«Устаны уста кылган буйрутма ээлери. Оюңа келбеген нерселерди жасаткандар дал ошолор. Негизи бийиктиги 0,70 см болгон шахматтарды жасап жүрдүк. Акыркы буйрутма менен Бишкек шаардык мэриясына 1,15 метр бийиктиктеги шахматтарды жасадык. Падышанын бийиктиги 1,15 см, диаметри 0,30 см, пешкалары 0,15-0,20 см болду», - деди ал.

Нурлан үй-бүлөлүү, жубайы Ысык-Көлдүн кызы. Учурда жубайы экөө 3 уул, 1 кызды тарбиялап жатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1804
Көп окулду
×