Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусуКемин району 09.06.2018 14:39

Кеминдин Кызыл-Октябрь айылында «Китеп кербени» уюштурулду (фото)

Turmush -  Кечээ, 8-июнда Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл аймагында «Китеп кербени» өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган иш-чарага өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Солтонбекова, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси, айыл тургундары, айыл өкмөт башчылары, китепканачылар жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Сара Кориган катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө атайын көргөзмө уюштурулуп, кызыктуу оюндар өттү. Андан соң, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр көрсөтүлүп, жаш таланттар өнөрлөрүн тартуулашты.

«Китеп кербени» жыл сайын уюштурулуп келе жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×