Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Чүй

«Атайын комиссия түзүлдү»: Кеминдеги карылар үйүнүн жетекчиси карыларды уруп-согуп, орой мамиле жасайбы? (видео, фото)

Turmush -  Кемин шаарындагы карылар үйүнүн жетекчиси жана анын орун басары карыларды сөгүп-сагып, аларга жаман мамиле жасарын карылар үйүнүн мурунку жашоочусу Геннадий Тачиев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, жеке менчик карылар үйүнүн жетекчилиги кары адамдарды киши катары көрбөйт.

imgonline-com-ua-Frame-blurred-wI1267JwdPW

«Мен бул карылар үйүндө 3 жыл жашадым. Ушул жылдын 20-апрелинде аталган карылар үйүндө жаңжал болду. Мен эшиктин алдында чылым чегип турсам, Николай (директордун күйөөсү) келип, мени жаман сөздөр менен сөгүп урганы аз калды. Анын сөккөнгө жана жаман мамиле жасоого укугу жок экенин билдирсем, ал мени директор (жубайы) Т.Синюктун бөлмөсүнө жетелеп барды. Директорго да жолдошунун сөккөнгө, жаман мамиле жасоого, урганга укугу жок экенин билдирсем, "анын укугу бар, ал менин жолдошум" деп кыйкырды. Мен “кана ур” десем урган жок. Арадан бир ай өтүп, алар мени баарын унутушту деп ойлоду окшойт. Пенсияны ала турган маал келгенде, жетекчибиз 700 сомдон көмүргө жана 500 сомдон жаңы үйдүн курулушуна чогултарын билдирди. Биз тиешелүү кагазга кол койдук. Негизи жеке менчик карылар үйү болгондуктан пенсиябыздан 70 пайызы карылар үйүнө, 30 пайызы өзүбүздө калчу. Бирок кээде такыр албай калчубуз. Эки күндөн соң почта кызматкери Наталья Сидякина келип, директордун үстүнө арыз түшкөнүн билдирди. Татьяна Синюк баарыбызды чакырып, пенсиялардан акча албай тургандыгы тууралуу кагазга кол коюп берүүбүздү буйруду. Бирок, мен кол койгон жокмун, ошондо ал мага "жогол" деди. Эртеси 700 сом жана паспортумду алып келип берди. Бирок мен карылар үйүнөн эки күн чыга алган жокмун. Андан соң, карылар үйүндөгү 36 жаштагы Женя мени прокуратурага алып барарын айтты. Мен сүйүндүм, бирок алар мени автобекетке алып барып, шопурга мени шаардан түшүрүп коюсун айтты. А, мен шопурдан райондук ооруканага жеткирип коюсун сурандым. Ооруканага жетип, бир жаш баладан мурун карылар үйүндө иштеп кеткен Светаны чакырып коюсун айттым. Көрсө, Синюктар менин аркаман аңдып жүрүшүптүр. Алар келип, колуман тартып, артка кайтуумду буйрушту. Мен макул болбой жатканда, күйөөсү "таштачы, билгенин кылсын" деди. Ошентип, Света менен жолугуп, ал мени маркум апасынын үйүнө алып барып карап жатат», - деди ал.

Геннадий Тачиевдин милицияга берген көрсөтмөсү

Г.Тачиев карылар үйүндө кары адамдарга жасалган жаман мамилелер тууралуу социалдык коргоо бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Андан соң, Кемин районунун мамадминистрациясынын өкүлдөрү аталган карылар үйүндө кары адамдарга сурамжылоо жүргүзүшүп, мониторинг жасашкан.

«Биз Г.Тачиев социалдык коргоо бөлүмүнө арыз жазгандан кийин дароо эле карылар үйүнө бардык. Барсак, бардыгы ордунда. Карыларга сурамжылоо жүргүзсөк, эч ким уруп-сокпой, жакшы эле мамиле кыларын айтышты. Биздин иликтөөбүз боюнча, Г.Тачиев мурун түрмөгө отуруп чыккан. Карылар үйүнөн дайыма чефир сурап, көп нерсени жактырчу эмес экен. Бул жай Синюктарга таандык карылар үйү. Ал жакта жумуш оор. Менин оюмча, биз 39 кишини багып жаткан Синюктарга ырахмат айтышыбыз керек», - деди Кемин районунун акими Жумгалбек Дүйшебаев.

Социалдык коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Эльза Исмаилова: «Г.Тачиевдин атынан арыз түшкөндөн кийин, биз дароо карылар үйүнө барып, мониторинг жүргүзгөнбүз. Бирок, эч ким жаман мамиле жасайт, уруп-согот деп айтышкан жок», - деди.

Социалдык коргоо бөлүмү жүргүзгөн мониторингде Г.Тачиев да карылар үйүнө барган.

«22-май күнү баарыбыз социалдык коргоонун кызматкерлери, аким менен карылар үйүнө бардык. Мен ортодо отурдум. Алар фактыларды талап кылышты. Мен 1946-жылы төрөлгөн Манаска кайрылып, "эсиңдеби, сени кандай сабашчу эле, арыз жазгың келбеди беле? " дедим. Ал мойнуна алды. Бирок анын сөздөрү көңүлгө алынбады», - деди Г.Тачиев.

Ал эми карылар үйүнүн жетекчиси бул окуя тууралуу: «Геннадий Тачиев бизге селсаяк болуп жүргөн абалында түшкөн. Биз ага паспорт жасатып, пенсияга илдирдик. Ал бул жерде жашап жүргөндө дайыма чефир сурап, чогуу жашагандарды сөкчү. Мурун түрмөгө жатып чыккан адам, бул жерден да каалаганын кылгысы келет. Ал дайыма дааратканада чылым чекчү, ошондуктан биз ага эскертүү берсек, бизди сотко берип, прокуратурага барарын айтты. Бизде дайыма мониторинг болуп, текшерүү жүрүп турат. Эгерде, чын эле жаман болсок, баары ачыкка чыкмак да», - деди.

Г.Тачиев 1949-жылы төрөлгөн. 11 жыл мурун инсульт алган. Синюктар аны оорукчан дегенинен Г.Тачиев бардык медициналык кароодон өтүп, бирок ден соолугу жакшы экендиги маалым болгон.

Бул окуя боюнча Чүй ОИИБдин кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзгөн.

«Г.Т. карылар үйүнүн жетекчиси Т.С.нын үстүнө карыларга орой мамиле жасайт деп арыз жазган. Арыз түшөр менен социалдык кызматкерлер, милиция кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү барып келишкен. Ошондой эле, милиция кызматкерлери карылардан жана Т.С.дан сурак жүргүзгөн. Жыйынтыгында, карылар азыркы жашоо абалы толук канааттандырарлык экенин айтып, эч кандай уруп-согуу болборун билдиришкен. Иликтөө иштери дагы деле жүрүп жатат», - деп билдирди аталган түзүмдөн.

Кечээ, 8-июнда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Солтонбекова Кемин районундагы жеке менчик карылар үйүнө барып, Г.Тачиевдин айткандарынын чын-төгүнүн билүү үчүн ал жердеги карылар менен сүйлөштү. Аймактык кабарчы маалымдагандай, Г.Тачиев карыларды уруп-согуп, жаман сөздөр менен кемсинтүү дайыма болуп келгендигин айтса, мурун ал жерде иштеген кызматкерлер жетекчи бир топ жолу сөгүнгөнүн айтышты.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Солтонбекова бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп, ишти облустук администрация толук өз колуна аларын айтты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1691
Көп окулду
×