Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 07.06.2018 17:23

Сокулукта экинчи күйөөсүнөн шакек менен ур-токмок жеген 3 кыздын энеси ооруканага түштү (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Студенттер айылынын 39 жаштагы тургуну А.М. экинчи жолдошунан токмок жеп, ооруканага түштү.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ализа Солтонбекова, Сокулук райондук мамлекеттик администрация жетекчисинин орун басары Токтобүбү Ракимбаева жана райондогу социалдык кызматкерлер ооруканага барып, аталган жабырлануучунун ал-абалы менен таанышып, юридикалык кеӊештерди берип, керектүү жардамдар көрсөтүлөрүн белгилешти.

Жабырлануучу А.М.нын айтымында, экинчи жолдошу менен жашап жатканына бир жылдай боло элек.

«Бул экинчи турмушум. Чогуу жашап жатканыбызга бир жыл боло элек. Биринчи жолу сабаган жок. Дайыма эле ушундай көрүнүш. Кээде ичип келип сабаса, кээде ичпей эле сабайт. Мен өзүм 7 жылдан бери Студенттер айылында жашайм. Аталган айылда өзүмө караштуу үйүм бар. Азыркы жолдошум да ошол Студенттер айылында жашайт. Биринчи турмушумдан 3 кыз бар. Алар атасында. Кээде мага келип турушат. Эӊ улуусу 18 жашта, ортончусу 16 жашта болсо, кичүүсү 5 жашта. Алар Аламүдүн районунда жашашат.

Мен бул экинчи жолдошум менен жашагым келбей, кет деп баштагам. "Кетпейм, сени өлтүрүп кетем" деп айтат. Уруш ушундан чыгып жатат. Мында колундагы шакеги менен сабады. Милицияга арыз жазгам, бирок алар экспертизанын жыйынтыгын күтүп, камабай жатат», - деди ал.

Ал эми Сокулук райондук оорукананын дарыгерлери жабырлануучу баш сөөгүнөн жаракат алып, муруну сынганын билдиришти.

«Бул аял 6-июнда келип түшкөн. Учурда жабырлануучунун абалы канааттандырарлык. Бардык медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатат», - деп билдиришти дарыгерлер.

Ошондой эле бийлик өкүлдөрү жолдошунан ур-токмок жеп, 2 баласы менен чогуу ооруканага түшкөн Айсулуунун да абалы менен таанышып, Т. кызы А.га паспорт жана балдарына туулгандыгы жөнүндө күбөлүк алууга жардам беришерин айтышты.

Айсулуу эки баласы менен ижарага алган үйдө жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×