Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусуСокулук району 05.06.2018 13:26

«Эс-учумду жоготуп коюптурмун»: Сокулукта мас абалдагы өгөй ата сабаган балдар энеси менен ооруканага түштү (фото)

Turmush -  Сокулукта мас абалдагы күйөөсүнөн токмок жеген келин балдары менен чогуу райондук ооруканада жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аталган келиндин жана балдардын абалын жеринде көрүп келди.

«Мен бул жолдошум менен бир жарым жылдан бери жашап келем. Анын атасы менен апасы чогуу жашашпайт. Жолдошум мени алганда атасынын үйүнө алып барган. Мунун менден башка аялы жана 4 баласы бар экен. Мени алдап үйлөнүптүр. Апасын кечээ биринчи жолу көрдүм. Өткөндө жолдошум айылга он беш күнгө кеткен. Көрсө ошол аялына кетиптир. Жолдошум 1982-жылкы болот. Мен 1994-жылы туулгам. Улуу балам 5 жашка августта чыгат, кичүүсү 3 жашта. Өзүм Аксыдан болом, Сокулук районунда жашайбыз», - деди 24 жаштагы келин.

Айсулуунун айтымында, мас абалдагы күйөөсү сабаган учурда бир буту иштебей, эс-учун жоготуп койгон.

«Каның коюулап кетиптир деп, оозума арак куйду. Аны кусуп салдым. Балдарды көчөдөн чачтан сүйрөп келиптир. Андан соң, кичүү баламды дубалга чаап, улуусун башка койгулаптыр. Башы көк ала болуп жүрөт.

"Сени муунтуп өлтүрөм аркан алып кел" деп мени сыртка жумшады. Башында чыкпай жаткам. Андан кийин "макул" деп көчөгө чыгып, дароо милиция бөлүмүнө кайрылдым. Жолдошум аракты күндө ичпейт. Анда-санда ичет. Мен иштебей балдарды карап үйдө отурчумун. Кафеге жумушка идиш жууп киргениме эки күн болгон. Мен жолдошумду кечирем, себеби балдарынын жетим калышын каалабайм. Бирок, эгер мага үй салып бербей, балдарыма шарт түзбөй качып кете турган болсо, анда кечирбейм», - деди ал.

Сокулук райондук аймактык оорукананын сыныктар бөлүмүнүн дарыгери Бекзат Мамаев: «Баарынан мурун кичүүсү көбүрөөк жабыр тарткан. А, негизи үчөө тең денелеринен жаракат алып, ооруканага түшүшкөн. Учурда абалдары жакшы. Эми биздин көзөмөлдө он күн жатышат», - деди.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 4-июнда Сокулук районунда мас абалдагы эркек киши балдарды жана алардын энесин сабап салган.

«4-июнда саат 21:00дө Сокулук РИИБге "102" кызматы аркылуу 2 жаштагы жана 5 жаштагы балдар денелерине ар кандай жаракат алып, тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн», - деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгарда, милиция кызматкерлерине 24 жаштагы Т.А. аттуу келин кайрылып, 4-июнда болжол менен саат 20:00 чамасында 36 жаштагы мас абалдагы күйөөсү Д.Б. эч себепсиз кол көтөрүп, сабагандыгын билдирген.

«24 жаштагы келин РИИБге чуркап кеткенде, мас абалдагы күйөө балдарын ур-токмокко алган. Бул окуяны көрүп калган кошуналар тез жардам кызматын чакырышкан. Балдар райондук аймактык ооруканага жеткирилген», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Аталган факт РИИБге каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ал эми 36 жаштагы Д.Б. РИИБге жеткирилип, окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 24 жаштагы келин 2016-жылдан бери Д.Б. менен жарандык никеде турган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×