Айыл турмушу: 17 жаштагы балбан Б.Талантбеков эркин күрөш боюнча райондун 7 жолку чемпиону аталган (фото)

Turmush - Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылынын 17 жаштагы тургуну Бекмырза Талантбеков эркин күрөш менен машыгып, 7 жолу райондун чемпиону аталган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
«Спорттун бул түрүн тандаганымдын максаты — кичине болсо дагы ден соолукту чыңдоо. Эркин күрөш менен машыгып жатканыма 3 жыл болду. З жылдын ичинде райондук, облустук жана республикалык турнирлерге чыгып, жакшы ийгиликтерди жарата алдым. Райондон 7 жолу 1-орунга ээ болуп, 4 жолу 3-орунду алгам. Облустар аралык турнирден 3-орунга ээ болгом. Республикадан илинген жокмун. Байгелерим чоң деле эмес, акчалай сыйлыктарды алдым, ошондой эле диплом, медаль, кубоктор жана ардак грамоталар менен сыйлангам», - деди жаш спортчу.
Учурда ал техникумда окуп жатат.
«Азыркы учурда Токмок шаардагы техникумда окуйм. Кесибим техникалык куруучу. Максатым — апамдын ак сүтүн актап, жер каратпагандай жакшы адам болуп чоңоюу. Ошондой эле, спорт тармагында да көптөгөн ийгиликтерди жаратып, алдыга койгон максаттарыма жетүү», - деди ал.
Бекмырза Талантбеков 2001-жылы Кемин районунун Чым-Коргон айылында төрөлгөн.
Үй-бүлөдө 4 бир тууган, бир агасы жана эки эжеси бар. Апасы ашпозчу болуп эмгектенет.