Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 04.06.2018 19:20 На русском

20 жаштагы Бурулайдын өлүмү: ОИИБ менен РИИБдин жетекчилери кандай жаза алышты? (жыйынтык)

Turmush -  Ала качкан жигит тарабынан милиционерлердин жанында бычакталган 20 жаштагы Бурулайдын өлүмү боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан милиция кызматкерлерине жана жетекчилерге карата кызматтык иликтөө аяктады.

Министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 4-июнда билдирген маалымат боюнча, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставын, «Ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн жогорулатуу чаралары жөнүндө» буйругунун талаптарын, «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кесиптик этикасы» кодексин, Ички иштер органдарындагы катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобосун, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставынын талаптарын одоно түрдө бузган бир катар жетекчилер менен кызматкерлерди ээлеген кызматынан бошотуп, тиешелүү чараларды көрүү жөнүндө министрдин буйругу чыгарылды.

Ээлеген кызматынан бошотулган жетекчилер:

- Чүй ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Н.Сарчаев;

- Чүй ОИИБдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги К.Жумаев;

- Чүй ОИИБдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги М.Асанов;

- Жайыл РИИдин башчысы, милициянын подполковниги М.Исмаилов.

Ички иштер органдарынан биротоло четтетилгендер:

- Жайыл РИИБдин башчысынын орун басары, милициянын майору Ж.Абыканов;

- Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткер-тескөөчүсү, милициянын подполковниги И.Иманалиев;

- Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн нөөмөткер-милиционери, милициянын старшинасы Н.Эсенкулов;

- Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөт тобунун милиционери, милициянын старшинасы М.Макеев;

- Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөт тобунун милиционери, милициянын старшинасы А.Атакулов.

Кызматынан бошотулган кызматкерлер:

- Жайыл РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, милициянын кенже лейтенанты А.Аблабеков;

- Жайыл РИИБдин тергөөчүсү, милициянын лейтенанты Э.Кадышев;

- Чүй ОИИБдин Жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн жолду көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Т.Ниязалиев;

- Чүй ОИИБдин Жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнүн ага тескөөчү-нөөмөткери, милициянын капитаны Т.Макашов.

Сөгүш жана катуу сөгүш алгандар:

- ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам чара көрүү борборунун башчысы, милициянын полковниги Э.Орозакунов сөгүш алды;

- Чүй ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын майору А.Исаковго катуу сөгүш;

- ИИМдин Жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн Чүй ОИИБ боюнча башчысы, милициянын полковниги А.Сакишовге сөгүш жарыяланды.

Эскертүү алгандар:

- Жайыл РИИБдин башчысынын орун басары, милициянын майору Б.Чаргынов;

- Чүй ОИИБдин жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн 5-взводунун кенже тескөөчүсү, милициянын прапорщиги З.Айткожоев;

- Жайыл РИИБдин тергөөчүсү, милициянын лейтенанты К.Сабыров;

- Жайыл РИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлү, милициянын капитаны А.Ормокеев;

- Чүй ОИИБ боюнча жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн 5-взводунун кенже тескөөчүсү, милициянын прапорщиги З.Байтереков;

- Чүй ОИИБдин кайгуул күзөт кызматынын 2-ротасынын милиционери, милициянын прапорщиги Б.Майлыбаев;

- Чүй ОИИБ боюнча жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнүн жардамчысы, милициянын прапорщиги Ш.Юсузов.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен жалпы жонунан 23 кызматкер:

- ички иштер органдарынан биротоло чыгарылгандар — 5;

- ээлеген кызмат ордунан бошотулгандар — 8;

- эскертүү алгандар — 7 жана башка кызматкерлер жаза алды.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жиберилди.
Жайыл РИИБдин имаратындагы адам өлтүрүү фактысы боюнча Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан милиция кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин (шалаакылык) негизинде козголгон кылмыш ишти тергөө иштери улантылып жатат.

----------------------------------------------------------------------------

Ала качуунун курмандыгы: 20 жаштагы Бурулай милиционерлердин жанында бычакталып көз жумду

Бишкек шаарынан ала качып чыккан жигиттин колунан бычакталып каза болгон 20 жаштагы Бегимай 29-майда жерге берилди. Ага кол салган жигит РИИБде өзүн кошо бычактап, оор абалда ооруканага жеткирилген болчу. Дарыгерлер бүгүн, 4-июнда билдирген маалымат боюнча, операциядан кийин толук калыбына келе элек. Учурда жандандыруу бөлүмүнөн хирургияга которулду.

Бурулайдын 60 жаштагы атасы Турдалы Кожоналиевдин айтымында, кызын ушул жылдын 25-августунда турмушка узатып, тоюн өткөрмөк. Бирок ага жеткирбей, 27-майда кызын 30 жаштагы жигит ала качып, андан соң милиция бөлүмүндө бычактап салган.

«27-майда кечке маал саат 21:00 чамасында кызымды айран алып кел деп дүкөнгө жибергем. Аны үйдөн чыгары менен балдар унаага салып кетишти. Ал балдар коомдук унаа айдап иштешчү. Мен алардын аркасынан кубалап жетпей калдым. Дароо милицияга кайрылып, алар менен чогуу балдарды автоунаа сатуучу базарга чейин кубалап бардык. Милиция кызматкерлери "арыз жазыңыз, биз кесиптештерге маалымат берип койдук" дешти. Өзүбүз Кудайбергенде турабыз. Көп өтпөй Жайыл РИИБден "Сосновка айылындагы посттон балдардын унаасын токтоттук, кызыңызды алып кетиңиз" деп телефон чалышты. Бул жерден Жыйыл РИИБге 4 опер кызматкери жана күйөө балам, аялым менен саат 24:00 чамасында бардык. Опер кызматкерлер "силер сыртта күтүп тургула, кызды биз алып чыгалы" деп РИИБдин имаратына кирип кетишкен. Биз аларды эшикте түнкү саат 03:00гө чейин күттүк. Көрсө жанагындай окуя болуп кетиптир», - деди ал.

20 жаштагы Бурулай медициналык окуу жайдын акушер-гинеколог бөлүмүндө билим алып жаткан.

«Бул кызым үйдүн кенжеси, 6 бир тууган эле. Бешөөсү кыз, бирөөсү эркек. Кызым өзү жоош кыз эле. Орозо да кармачу, оозун ачпай да кетти.

Каза болгон кызыма сүйлөшкөн жигитинин ата-энеси сөйкө салып кетишкен. Август айында тою болмок. Бычактаган бала буга чейин да ала качып кеткен, кызымдын көңүлү башкада болгондуктан кайра алып келгем. Акыркы жолу ата-энеси менен келип, кызды сурашкан эле. "Бул кыздын жигити бар, тою болот" десек, "кызыңды өлтүрүп кетем" деп коркуткан.

Өлүкканадан кызымдын сөөгүн кездемеге ороп беришкен. Үйгө келип майрам сууга алганда кекиртегине, жүрөгүнүн тушуна жана ичине бычак менен сайып, турмушка чыга турган жигитинин атын «Н», андан соң «+», «Б» деген белгилерди жазганын көрдүк. Өлтүргөнү аз келгенсип ушинтип жазыптыр.

Эми мен укук коргоочулар тарабынан акыйкат чечим күтөм», - деди кан жуткан ата.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×