Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 04.06.2018 16:19

20 жаштагы Бурулайдын өлүмүнө шектүү кайра жандандыруу бөлүмүнөн которулду

Turmush -  Жайыл РИИБдин имаратында 20 жаштагы Бурулайды өлтүрүүгө шектүү делген адам оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнөн которулду.

Жайыл аймактык райондук ооруканасынан билдиришкендей, үйлөнүү максатында ала качып кеткен кызды бычактап өлтүрүүгө шектелген 29 жаштагы М.Б. учурда оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнөн хирургия бөлүмүнө которулду.

«Бейтаптын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Операция жасалды, биз колубуздан келген аракетибизди кылдык. Ал сутка бою милиция кызматкерлеринин күзөтүндө болуп жатат. Анын жарааттарынын айрым жерлери ириңдеп кеткендиктен аны СИЗОго алып кетишкен жок. Ошондуктан ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат», - деди оорукананын башкы дарыгери Болотбек Майканаев.

Аталган факт боюнча Жайыл РИИБ тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Шектүү буга чейин суракка алынган. РИИБ тергөөнүн жыйынтыгы боюнча маалымат тарата элек.

Буга чейин 20 жаштагы Бурулайды ала качып бара жаткан киши аны Жайыл райондук милиция бөлүмүнүн имаратында бычактап салгандыгы маалымдалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 1998-жылы туулган кыздын денесине 5 жолу бычак сайылган. Анын кесепетинен оор жаракат алган жабырлануучу көп узабай каза болгон. Андан кийин кызды бычактаган адам өзүнө бычак шилтеп, оор жаракат менен аймактагы ооруканага жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×