Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 04.06.2018 13:49 На русском

Панфиловдогу кафеде массалык мушташ чыгып, жаш жигит ооруканага түштү

Turmush -  Панфилов районунда кафедеги массалык мушташтан жаракат алган жаш жигит ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 17-майда Панфилов РИИБге Вознесеновка айылындагы кафелердин бириндеги массалык мушташ тууралуу билдирүү келип түшкөн. Айтылган даракке ыкчам тергөө тобу жөнөтүлүп, саат 21:30 чамасында жаш жигиттер арасында мушташ чыгып, анын кесепетинен 31 жаштагы Б.А. менен 30 жаштагы Р.А. денесинен жаркат алганы аныкталган. Алар Чүй облусунун тургундары. Ал эми үчүнчү жигит денесинен оор жаракат алып, аймактык ооруканага жаткырылган.

Аталган факты Панфилов РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексиндеги 104-берененин (саламаттыкка атайлап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иш козголгон.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип 3 жигит — 22 жаштагы К.А. жана М.З., ошондой эле 24 жаштагы А.К. колго түшүрүлдү. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×