Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусуКемин району 02.06.2018 14:10

Кеминдин Кашкелең айылында 6 айылдын балдарын окууга ташуу үчүн кичи автобус алынды (фото)

Turmush -  Кечээ, 1-июнь күнү Кемин районундагы Кашкелең айылында 6 айылдын балдарын мектепке жана бала бакчага ташып туруу үчүн кичи автобус тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, унааны айыл өкмөт алып берди. Бул унаа алыскы 6 айылда жашаган 140 баланы ташыйт. Балдардын ата-энелери бул маселени бир топ жолу көтөрүп чыгышкан. Маселени чечүү үчүн Швейцария каржылаган долбоордон 1 млн сом грант берилип, каттам уюштурулду. Буга чейин балдарды «ТАРЗ» үлгүсүндөгү 22 орундуу автобус ташуучу. Учурда каттам 120 окуучуну жана 21 баланы Кашкелең, Дорожное, Саз-Булак,Жел-Арык, Чолок жана Кыз-Күйөө айылдарынан ташып турмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×