Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 01.06.2018 16:37

Аламүдүн районунда майып балдарга белектер тартууланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Аламүдүн районунун Дача айылындагы Чүй облустук балдардын жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөрдүн «Максат» калыбына келтирүү борборунун тарбиялануучуларына белектер тапшырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, БШК аталган борбордун тарбиялануучуларын майрамы менен куттуктап, оюн-зооктук программа уюштуруп берди.

Азыркы күндө борбордо 4 жаштан 16 жашка чейинки 75 бала жашап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×