Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Чүй

Маданият айылында Балдарды коргоо күнүнө карата балдар аянтчасы ачылды (фото)

Turmush -  Чүй районунун Онбир-Жылга айыл аймагына караштуу Маданият айылында 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата балдар аянтчасынын ачылышы болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, балдар аянтчасы Маданият айылдык ден соолук комитетинин, айыл өкмөтүнүн жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен курулду. Аталган айыл өкмөт башчысы Ильичбек Сыдыковдун айтымында, курулушка жалпы 50 миң сом каражат каржыланды.

«Ошондой эле, аянтчаны кеӊейтүү үчүн айылдын тургуну Болот Мамбеткеримов 40 миӊ сомун тапшырды. Майрамдын аягында балдарга балмуздак таратылып берилди», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1114
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×