Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Чүй облусу, Токмок 01.06.2018 15:45

Эки уулунан айрылып, келини менен ооруканага түшкөн эне: Токмоктогу үй-бүлөгө кол салгандар табыла элек

Turmush -  Өткөн жылдын 27-декабрынан 28-декабрына караган түнү Токмок шаарындагы жеке турак үйгө белгисиз бирөөлөр кирип, үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салып, анын кесепетинен эки адам каза болгон. Камиль Балинов окуя болгон күнү оор жаракаттан улам кѳз жумса, 22 жаштагы иниси ооруканада ээсине келбей каза болгон эле. Маркумдардын атасынын эгизи Карим Болинов аталган каргашалуу окуя боюнча жүрүп жаткан тергөө иштерин аймактык кабарчыга айтып берди.

«Тергөө иши жүрүп жатат, бирок негедир күнөөлүүлөр табылган жок. Тергөөчүлөрдөн эмне болду деп сурасак, алар "иштеп жатабыз" деп жооп беришүүдө. Ошол окуядан бери 6 ай убакыт өттү.

Балдардын апасы жана келинибиз өздөрүнө акырындан келип жатышат. Бирок дагы деле ооруканага көрүнүшүүдө», - деди ал.

Ал эми Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы бул кылмыш иши боюнча ыкчам иликтөө иштери уланып жаткандыгын билдиришти.

«Бул окуя боюнча ИИМ, Чүй ОИИБ жана Токмок ШИИБдин кызматкерлери тарабынан комплекстүү ыкчам иликтөө иштери уланууда», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Буга чейин Токмок шаарындагы жеке турак үйгө белгисиз бирөөлөр кирип, үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салышкандыгы кабарланган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, үйгө кол салуу 27-декабрдан 28-декабрга караган түнү болгон. Анын кесепетинен шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 3 адам — 1973-жылы туулган К., 1995-жылы туулган Б., 2001-жылы туулган Л.Р. оор абалда жеткирилген. Ал эми, 1993-жылы туулган Б.К. ооруканага жеткенден кийин каза болгон. Андан кийин 22 жаштагы Б. ооруканада эсине келбей каза болгон.

Чүй ОИИБден маалымдашкандай, Токмок ШИИБге райондук ооруканадан белгисиз бирөөлөр жеке турак жайды тоноого кирип, анда жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө залал келтиргендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) жана 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле, Чүй ОИИБдин жана Томок ШИИБдин ыкчам-издөө тобу ишти иликтөөгө алып, кылмышка тиешеси бар адамдарды издеп жатышат.

Ал эми, Токмок аймактык ооруканадан билдиришкендей, 28-декабрда саат 06:50дө оор абалда үй-бүлө мүчөлөрү — 4 адам келип түшкөн. Алар:

- 1973-жылы туулган К.Д. — үй-бүлөнүн апасы. Баш мээси чайкалган. Баш жана бет сөөгүнөн жаракат алган. Ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган;

- 1995-жылы туулган Б.Э. баш сөөгүнөн бир нече жаракат алып, чыкый сөөгү сынган. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат (кийин каза болгон);

- 2001-жылы туулган Л.Р. баш сөөгү сынган, мээси чайкалган. Анын 8-9 айлык боюнда болгон. Ал сынактар бөлүмүндө жатат;

- 1993-жылы туулган Б.К. жандандыруу бөлүмүндө каза болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×