Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Чүй облусуЧүй району 01.06.2018 14:04

Чүй районунда жетим балдарга белектер тартууланды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районунда 1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленип жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, райондук маданият үйүндө концерттик программа болуп, ага 12 жашка чейинки томолой жетим балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары катышты. Аларга белектер, таттуулар берилди.

Ошондой эле, Чүй мектеп-интернатында дагы майрамдык иш-чаралар болуп, балдарга Чүй райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан спорттук инвентарь тартууланды, ал эми Чүй райондук аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнө белектер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×