Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Чүй

Милиционерлердин жанында өлтүрүлгөн Бурулайдын окуясын министр өзү көзөмөлдөйт

Turmush -  Жайыл РИИБдин имаратында жасалган адам өлтүрүү фактысына байланыштуу тергөө иштери жана милиция кызматкерлерге карата жүргүзүлгөн кызматтык териштирүү иши Ички иштер министри Кашкара Жунушалиевдин өз көзөмөлүнө алган. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милиция кызматкерлеринин жана алардын жетекчилеринин иш-аракетине баа берилет.

«Мыйзамдуулукту бузган милиция кызматкерлерине карата ички иштер органдарынан бошотууга чейинки катуу чаралар көрүлөт», - деп айтылат маалыматта.

Адам өлтүрүү фактысы боюнча Жайыл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Аталган факты боюнча Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан милиция кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин (шалаакылык) негизинде кылмыш иши козгоду.

Жогорудагы кылмыш иши боюнча кийинки иликтөөнү жүргүзүү үчүн Жайыл району боюнча МУККБга өткөрүлүп берилди.

Бишкек шаарынан ала качып чыккан жигиттин колунан бычакталып каза болгон 20 жаштагы кыз 29-майда жерге берилген эле.

60 жаштагы атасы Турдалы Кожоналиевдин айтымында, кызын ушул жылдын 25-августунда турмушка узатып, тоюн өткөрмөк. Бирок ага жеткирбей, 27-майда кызын 30 жаштагы жигит ала качып, андан соң милиция бөлүмүндө бычактап салган.

«27-майда кечке маал саат 21:00 чамасында кызымды айран алып кел деп дүкөнгө жибергем. Аны үйдөн чыгары менен балдар унаага салып кетишти. Ал балдар коомдук унаа айдап иштешчү. Мен алардын аркасынан кубалап жетпей калдым. Дароо милицияга кайрылып, алар менен чогуу балдарды автоунаа сатуучу базарга чейин кубалап бардык. Милиция кызматкерлери "арыз жазыңыз, биз башкаларга маалымат берип койдук" дешти. Өзүбүз Кудайбергенде турабыз. Көп өтпөй Жайыл РИИБден "Сосновка айылындагы посттон балдардын унаасын токтоттук, кызыңызды алып кетиңиз" деп телефон чалышты. Бул жерден Жыйыл РИИБге 4 опер кызматкери жана күйөө балам, аялым менен саат 24:00 чамасында бардык. Опер кызматкерлер "силер сыртта күтүп тургула, кызды биз алып чыгалы" деп РИИБдин имаратына кирип кетишти. Биз аларды эшикте түнкү саат 03:00гө чейин күттүк. Көрсө жанагындай окуя болуп кетиптир», - деди ал.

Чүй ОИИБ бул факты тууралуу расмий маалымат тараткан болчу. Анда: «Кечээ, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи май РИИБге 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине тапшырма берилген. Андан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. (эркек киши) жана 20 жаштагы Т.Б. Жайыл РИИБге жеткирилген. РИИБдин кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (кызды ала качып бара жаткан киши) кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө кошо бычак сайып, алар дароо оорукана жеткирилген. Бирок Жалал-Абад облусунда төрөлүп, Бишкек шаарында жашап жаткан 20 жаштагы кыз оор жаракаттын кесепетинен жандандыруу бөлүмүндө көз жумду. Ал эми 29 жаштагы жигит Талас облусунун тургуну болгон. Ага операция жасалып, дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Экинчи жүргүнчү — 30 жаштагы С.А. менен Жайыл РИИБдин тергөөчүлөрү иштешип жатат. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ошондой эле кызматтык иликтөө башталды», - деп айтылат.

29-майда Чүй ОИИБдин башчысы Нурлан Сарчаев Бишкек шаарында маалымат жыйын куруп, Жайыл РИИБдин имаратында ала качкан жигит бычактаган 20 жаштагы кыздын өлүмү тууралуу маалымат бергендиги маалымдалган.

«Жол кыймылын көзөмөлдөөчү инспектор кызды жарандарды кабыл алуучу бөлмөгө алып кирген. Изделген унаа кармалганы тууралуу кыздын туугандары менен Биринчи май РИИБге маалымат берилген. Ал эми унаада кыз менен бирге бара жаткан Марсбек (кызды ала качкан жигит) менен Акмат РИИБдин короосунда турган. Инспектор унаа кармалгандыгы тууралуу рапорт даярдашы керек болчу.

Ушул учурда РИИБдин дарбазасы такылдап, инспектор ачканда 20-25 секунд ичинде Марсбек байпагына бычак каткан бойдон кыз отурган бөлмөгө кирип кеткен. Ал эшикти ичинен бекитип, кызга 3 жолу, өзүнүн курсагына 4 жолу бычак сайган. Дабышты уккан милиция кызматкерлери эшикти талкалап киришкенде Марсбек менен Бурулай жерде жатышкан», - деди Н.Сарчаев.

Учурда шектүү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Бүгүн ага баш коргоо чарасы каралышы керек.

Милиция кызматкерлеринин жанында кызды бычактап өлтүргөн жигит Бишкектеги №240 кичи автобустун айдоочу болуп эмгектенип жүргөн. Ал Бурулайды буга чейин да бир ирет ала качып кетип, ата-энеси кайра алып келген.

Бурулайдын атасы да коомдук унаада айдоочу болуп эмгектенет. Маркум кыз менен аны бычактаган шектүү бири-бирин 3 жылдан бери таанышчу.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2265
Көп окулду
×