Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Чүй

Ысык-Атадагы унаа кырсыктан айдоочу каза болуп, жүргүнчүсү оор жаракат алды

Turmush -  Кечээ, 31-майда Ысык-Ата районунда 2 унаа кагышып, айдоочу каза болуп, 1 жүргүнчү оор жаракат алды.

ӨКМдин маалыматына караганда, кырсык саат 14:19 чамасында Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 42-чакырымында болгон. Анда «Форд Фокс» үлгүсүндөгү унаа (В 03-06АХ) менен оор жүк ташуучу «Мерседенс-Бенц» үлгүсүндөгү унаа (S 35-65 AI) кагышкан. Кырсыктын кесепетинен «Форд Фокс» унаасынын 1977-жылы туулган айдоочусу И.У.М. кырсык болгон жерде мерт кетип, 1985-жылы туулган жүргүнчүсү А.Ш.С оор жаракат алган. Тез жардам кызматкерлери каза болгон айдоочу менен жаракат алган жүргүнчүнү Кант шаардык ооруканасына жеткиришкен.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 604
Көп окулду
×