Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Чүй облусу, Токмок 31.05.2018 17:14

Айыл турмушу: 28 жылдан бери мектепте иштеп келе жаткан И.Ширяева гандбол менен машыккан (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын 47 жаштагы тургуну Ирина Ширяева 28 жылдык өмүрүн окуучуларга билим берүүгө арнады. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен алгач Пржевальск педагогикалык училищаны артыкчылык менен 1990-жылы аяктадым. Андан соӊ Ысык-Атадагы Киров айылындагы Киров атындагы орто мектептен эмгек жолумду баштагам. Иштеп жүрүп, Кыргыз билим берүү академиясына тапшырып, ал жакты 2006-жылы артыкчылык диплом менен аяктадым. Ошентип бир эле мектепте 28 жыл үзүрлүү эмгектенип, бир топ мактоо баракчаларына татыдым жана "Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси менен сыйлангам», - деди ал.

Ал окуучулук кезинде гандбол менен машыгып, дүйнөгө аты таанылган спортчу болгусу келчү.

«Мен негизи спортчу болчумун. Василий Кухарев аттуу дене тарбия сабагынан берген агайыбыз, спортту сүйгүлө деп бизди жакшы тарбиялап, үйрөткөн. Мен болсо гандбол ойногонду жакшы көрчүмүн жана ошондой эле абдан жакшы ойночу элем. Ошол кезде ушул спорт менен атагы чыккан спортчу болгум келчү.

Музыкадан заманбап, классика, Ванесса Мэйдин чыгармаларын укканды, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуганды жактырам. Ар кандай майрамдык кечелерди жакшы уюштуруп өткөрөм. Жакын адамдарым "сен абдан шаӊдуу, жакшы уюштурасыӊ" деп калышат», - деди ал.

Ирина Ширяева Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында төрөлгөн.

«Кызым Анжелика Ширяева 1993-жылы төрөлгөн. Ал учурда Кыргыз-орус славян университетин аяктап, өзүнүн кесиби менен эмгектенет. Уулум Даниль Ширяев 1995-жылы төрөлгөн. Ал учурда Россиянын Шадринск шаарында Россия мамлекеттик университетинде инженер-программист кесиби боюнча бекер билим алат. Ушул жылы артыкчылык диплом менен аяктоо алдында турат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×