Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Чүй

Токмокто мас абалдагы курдаштар жол кырсыкка кабылып ооруканага түштү

Turmush -  Чүй районунда жол-транспорт кырсыгынан 5 адам жабыркады. Бул маалыматты Turmush басылмасына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктады.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, жол кырсык 30-майда болжол менен эртең мененки саат 07:00 чамасында Токмок—Шамшы жолунун 15-чакырымында катталган. «Ауди-100» унаасынын 1981-жылы туулган айдоочусу рулду башкара албай жол четиндеги бордюрду сүзгөн.

Ар кандай жаракаттар менен ооруканага 4 кыз — 1985-жылы туулган Ш.Г., 1985-жылы туулган И.Н., 1986-жылы туулган А.Ж., 1982-жылы туулган Т.М., 1981-жылы туулган айдоочу К.К. жеткирилген. Бул жабырлануучунун баары Токмок шаарынын тургундары болушкан.

Жабырлануучулар баш-сөөгүнөн жаракат алып, баш-мээси чайкалган жана кабыргалары сынган. Бир кыздын жамбаш сөөгү жана бел омурткасы сынган. Ал эми айдоочу баш сөөгүнөн жаракат алган. Аларды ооруканага жеткирген учурда жабырлануучулардын баары мас абалда болушкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 973
Көп окулду
×