Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 31.05.2018 09:07

Жайыл районундагы унаа кырсыктан айдоочу жаракат алып, ооруканага түштү

Turmush -  Кечээ, 30-майда Жайыл районундагы унаа кырсыктан 23 жаштагы айдоочу жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 11:18 чамасында Бишкек–Ош унаа жолунун 81-чакырымында болгон. Анда оор жүк ташуучу «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын (номуру 08KG883ABR) айдоочусу башкарууга ээ боло албай калып, унаа даракка урунган. Кырсыктын кесепетинен 1995-жылы туулган айдоочу Э.М. башынан жаракат алып, тез жардам кызматкерлери тарабынан Кара-Балта шаардык ооруканасына жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×