Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Чүй

Панфиловдогу жетим балдар үйүнүн тарбиялануучусу асынып алды (толукталды)

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кайыӊды шаарчасында жайгашкан жетим жана кароосуз калган балдар жатак-интернатында 10-класста окуган Д.А. аттуу бала асынып каза болгондугун аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти.

«Апасы акылынан айнып, ооруйт деп укканбыз. Ал эми атасы болсо жок. Баланын сөөгүн Нарын облусунун Кочкор районуна алып барып жерге берип келишти. Ошол жерде туугандары болсо керек», - деп билдиришти өздүк булактар.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы аталган факты катталгандыгын тастыктап, окуя ушул жылдын 26-май күнү болгонун билдиришти.

«2018-жылдын 26-майында "102" кызматы аркылуу Панфилов РИИБдин мөөнөт бөлүмүнө аталган районго караштуу Кайыӊды шаарчасында жайгашкан жетим жана кароосуз калган балдар жатак-интернатынын мугалими 10-класстын окуучусу Д.А. асынып алгандыгы тууралуу кабар берген. Бул окуя боюнча дароо ыкчам тергөө тобу чыгып, Панфилов РИИБдин жетекчилиги баланын асынып турган жансыз денесин табышкан», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми аталган интернаттын директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Нурнал Кожокеев окуя тууралуу буларды айтып берди.

«Бул баланын өз өмүрүнө эмне себептен кол салгандыгын баарыбыз эле билбей жатабыз. Өзү түз жүргөн, жакшы бала болчу. Келечекте буттан туруп, апамды багам деген максаты бар эле. Ойдо жок жерден болуп кетти. Апасы 2-топтогу майып. Атасы каза болуп калган. Турмуш-шарты түрткү болдубу деген да ой кетет. Буга чейин бизде мындай окуя болгон эмес.

Бул окуя түн ичинде болуптур. Ал кароолчуга көрүнбөй терезеден чыгып, короодон асынып алыптыр. Кароолчулар, тарбиячы мугалимдер күн-түн дебей балдардын жанында турушат. Терезелерге өрт коопсуздугу үчүн темир торлор коюлган эмес. Буга чейин да кошуна айылдарда бир кыз муунуп алган. Азыр жаштарыбыз эмне үчүн мындайга барып жатканы түшүнүксүз. Бизде "дедовщина" деген жок. Ал тургай бир да балабыз тартип бузуп милицияга катталган эмес. Аябай тартиптүү», - деди ал.

Бул интернатта жалпы 260 бала окуйт. Алар 1-класстан 11-класска чейин билим алышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2969
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×