Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 30.05.2018 12:57 На русском

Ала качкан жигиттин колунан бычакталган Бурулай: Шектүү Марсбек өз көрсөтмөсүн берип баштады

Turmush -  20 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелген жигиттин абалы жакшырып, суроолорго жооп берип баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жайыл райондук оорукананын дарыгерлери билдиришти.

Алардын айтымында, Б.Марсбектин абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Учурда ооруканада жаткан шектүүнү милиция кызматкерлери кайтарууда. Turmush басылмасынын өздүк булактарынын маалыматына караганда, Б.Марсбек өз көрсөтмөлөрүн берип жатат. Шектүүнүн милиция кызматкерлерине берген көрсөтмөсүндө кызды өлтүрбөгөнүн жана окуя боюнча эсинде эч нерсе жок экендигин билдирген.

Бишкек шаарынан ала качып чыккан жигиттин колунан бычакталып каза болгон 20 жаштагы кыз кечээ, 29-майда жерге берилген эле.

60 жаштагы атасы Турдалы Кожоналиевдин айтымында, кызын ушул жылдын 25-августунда турмушка узатып, тоюн өткөрмөк. Бирок ага жеткирбей, 27-майда кызын 30 жаштагы жигит ала качып, андан соң милиция бөлүмүндө бычактап салган.

«27-майда кечке маал саат 21:00 чамасында кызымды айран алып кел деп дүкөнгө жибергем. Аны үйдөн чыгары менен балдар унаага салып кетишти. Ал балдар коомдук унаа айдап иштешчү. Мен алардын аркасынан кубалап жетпей калдым. Дароо милицияга кайрылып, алар менен чогуу балдарды автоунаа сатуучу базарга чейин кубалап бардык. Милиция кызматкерлери "арыз жазыңыз, биз башкаларга маалымат берип койдук" дешти. Өзүбүз Кудайбергенде турабыз. Көп өтпөй Жайыл РИИБден "Сосновка айылындагы посттон балдардын унаасын токтоттук, кызыңызды алып кетиңиз" деп телефон чалышты. Бул жерден Жыйыл РИИБге 4 опер кызматкери жана күйөө балам, аялым менен саат 24:00 чамасында бардык. Опер кызматкерлер "силер сыртта күтүп тургула, кызды биз алып чыгалы" деп РИИБдин имаратына кирип кетишти. Биз аларды эшикте түнкү саат 03:00гө чейин күттүк. Көрсө жанагындай окуя болуп кетиптир», - деди ал.

20 жаштагы Бурулай медициналык окуу жайдын акушер-гинеколог бөлүмүндө билим алып жаткан.

«Бул кызым үйдүн кенжеси, 6 бир тууган эле. Бешөөсү кыз, бирөөсү эркек. Кызым өзү жоош кыз эле. Орозо да кармачу. Оозун ачпай да кетти.

Каза болгон кызыма сүйлөшкөн жигитинин ата-энеси сөйкө салып кетишкен. Август айында тою болмок. Бычактаган бала буга чейин да ала качып кеткен, кызымдын көңүлү башкада болгондуктан кайра алып келгем. Акыркы жолу ата-энеси менен келип, кызды сурашкан эле. "Бул кыздын жигити бар, тою болот" десек "кызыңды өлтүрүп кетем" деп коркуткан.

Өлүкканадан кызымдын сөөгүн кездемеге ороп беришкен. Үйгө келип майрам сууга алганда кекиртегине, жүрөгүнүн тушуна жана ичине бычак менен сайып, турмушка чыга турган жигитинин атын «Н», андан соң «+», «Б» деген белгилерди жазганын көрдүк. Өлтүргөнү аз келгенсип ушинтип жазыптыр. Оорулуу киши дагы мындай кылбайт.

Эми мен укук коргоочулар тарабынан акыйкат чечим күтөм», - деди ал.

Чүй ОИИБ бул факты тууралуу расмий маалымат тараткан болчу. Анда: «Кечээ, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи май РИИБге 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине тапшырма берилген. Андан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. (эркек киши) жана 20 жаштагы Т.Б. Жайыл РИИБге жеткирилген. РИИБдин кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (кызды ала качып бара жаткан киши) кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө кошо бычак сайып, алар дароо оорукана жеткирилген. Бирок Жалал-Абад облусунда төрөлүп, Бишкек шаарында жашап жаткан 20 жаштагы кыз оор жаракаттын кесепетинен жандандыруу бөлүмүндө көз жумду. Ал эми 29 жаштагы жигит Талас облусунун тургуну болгон. Ага операция жасалып, дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Экинчи жүргүнчү — 30 жаштагы С.А. менен Жайыл РИИБдин тергөөчүлөрү иштешип жатат. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ошондой эле кызматтык иликтөө башталды», - деп айтылат.

Кечээ, 29-майда Чүй ОИИБдин башчысы Нурлан Сарчаев Бишкек шаарында маалымат жыйын куруп, Жайыл РИИБдин имаратында ала качкан жигит бычактаган 20 жаштагы кыздын өлүмү тууралуу маалымат бергендиги маалымдалган.

«Жол кыймылын көзөмөлдөөчү инспектор кызды жарандарды кабыл алуучу бөлмөгө алып кирген. Изделген унаа кармалганы тууралуу кыздын туугандары менен Биринчи май РИИБге маалымат берилген. Ал эми унаада кыз менен бирге бара жаткан Марсбек (кызды ала качкан жигит) менен Акмат РИИБдин короосунда турган. Инспектор унаа кармалгандыгы тууралуу рапорт даярдашы керек болчу.

Ушул учурда РИИБдин дарбазасы такылдап, инспектор ачканда 20-25 секунд ичинде Марсбек байпагына бычак каткан бойдон кыз отурган бөлмөгө кирип кеткен. Ал эшикти ичинен бекитип, кызга 3 жолу, өзүнүн курсагына 4 жолу бычак сайган. Дабышты уккан милиция кызматкерлери эшикти талкалап киришкенде Марсбек менен Бурулай жерде жатышкан», - деди Н.Сарчаев.

Учурда шектүү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Бүгүн ага баш коргоо чарасы каралышы керек.

Милиция кызматкерлеринин жанында кызды бычактап өлтүргөн жигит Бишкектеги №240 кичи автобустун айдоочу болуп эмгектенип жүргөн. Ал Бурулайды буга чейин да бир ирет ала качып кетип, ата-энеси кайра алып келген.

Бурулайдын атасы да коомдук унаада айдоочу болуп эмгектенет. Маркум кыз менен аны бычактаган шектүү бири-бирин 3 жылдан бери таанышчу.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×