Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 30.05.2018 11:07

Айыл турмушу: Бийчи Э.Бердыева хореографиядан билим алуу үчүн Крымга барат (фото)

Turmush -  Эльвина Бердыева Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Киров айылындагы Киров орто мектебин аяктады. Ал 1-классында куттуктоо баракчага ыр жазып, аны класс жетекчисине берген. Мугалими ал ырды 11 жыл бою сактап, бүтүрүү кечесинде өзүнө окуп берди.

«Мен үчүн бул өмүрүмдөгү эӊ эсте калчу окуялардын бири болуп калды. Бир чети аябай таӊ калдым. Көрсө эжейим мен берген куттуктоо баракчаны 11 жыл сактаптыр. Ал эжейимдин аты-жөнү Манзура Вафаевна. Акыркы коңгуроодо эжейим баарыбызды куттуктап, андан соң чөнтөгүнөн куттуктоо баракчаны алып чыкты. Негедир тааныш көрүндү. Мени жанына чакырып, мен ага 1-классымда арнап жазган ырымды кайра өзүмө окуп берди. Мындай карасаӊ андай деле маанилү эмес, бирок мен үчүн чоӊ белек болду. Аябай сүйүнүп, толкундандым», - деди ал.

Эльвина Бердыева 2001-жылы,17-февралда төрөлгөн.

«Мен жакынкы аралыкта Крымга хореографиядан билим алууга сапар алганы турам. Өзүм бийлегенди жакшы көрөм. Адабий чыгармаларды жакшы көрүп, окуйм. Үй-бүлөдө атам, апам жана иним бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×