Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 29.05.2018 18:26 На русском

Ала качкан кызды милиционерлердин жанында өлтүргөн жигит бычакты байпагына катып кирген

Turmush -  Бүгүн, 29-майда Чүй ОИИБдин башчысы Нурлан Сарчаев Бишкек шаарында маалымат жыйын куруп, Жайыл РИИБдин имаратында ала качкан жигит бычактаган 20 жаштагы кыздын өлүмү тууралуу маалымат берди. Буга чейин 20 жаштагы Бурулай бүгүн жерге берилгени маалымдалган.

«Жол кыймылын көзөмөлдөөчү инспектор кызды жарандарды кабыл алуучу бөлмөгө алып кирген. Изделген унаа кармалганы тууралуу кыздын туугандары менен Биринчи май РИИБге маалымат берилген. Ал эми унаада кыз менен бирге бара жаткан Марсбек (кызды ала качкан жигит) менен Акмат РИИБдин короосунда турган. Инспектор унаа кармалгандыгы тууралуу рапорт даярдашы керек болчу.

Ушул учурда РИИБдин дарбазасы такылдап, инспектор ачканда 20-25 секунд ичинде Марсбек байпагына бычак каткан бойдон кыз отурган бөлмөгө кирип кеткен. Ал эшикти ичинен бекитип, кызга 3 жолу, өзүнүн курсагына 4 жолу бычак сайган. Дабышты уккан милиция кызматкерлери эшикти талкалап киришкенде Марсбек менен Бурулай жерде жатышкан», - деди Н.Сарчаев.

Учурда шектүү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Бүгүн ага баш коргоо чарасы каралышы керек.

Милиция кызматкерлеринин жанында кызды бычактап өлтүргөн жигит Бишкектеги №240 кичи автобустун айдоочу болуп эмгектенип жүргөн. Ал Бурулайды буга чейин да бир ирет ала качып кетип, ата-энеси кайра алып келген.

Бурулайдын атасы да коомдук унаада айдоочу болуп эмгектенет. Маркум кыз менен аны бычактаган шектүү бири-бирин 3 жылдан бери таанышчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×