Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 29.05.2018 16:52 На русском

«Денесине Н+Б деп тилип жазыптыр»: Ала качкан жигиттин колунан бычакталган кыз жерге берилди (видео, фото)

Turmush -  Бишкек шаарынан ала качып чыккан жигиттин колунан бычакталып каза болгон 20 жаштагы кыз бүгүн, 29-майда жерге берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

60 жаштагы атасы Турдалы Кожоналиевдин айтымында, кызын ушул жылдын 25-августунда турмушка узатып, тоюн өткөрмөк. Бирок ага жеткирбей, 27-майда кызын 30 жаштагы жигит ала качып, андан соң милиция бөлүмүндө бычактап салган.

«27-майда кечке маал саат 21:00 чамасында кызымды айран алып кел деп дүкөнгө жибергем. Аны үйдөн чыгары менен балдар унаага салып кетишти. Ал балдар коомдук унаа айдап иштешчү. Мен алардын аркасынан кубалап жетпей калдым. Дароо милицияга кайрылып, алар менен чогуу балдарды автоунаа сатуучу базарга чейин кубалап бардык. Милиция кызматкерлери "арыз жазыңыз, биз башкаларга маалымат берип койдук" дешти. Өзүбүз Кудайбергенде турабыз. Көп өтпөй Жайыл РИИБден "Сосновка айылындагы посттон балдардын унаасын токтоттук, кызыңызды алып кетиңиз" деп телефон чалышты. Бул жерден Жыйыл РИИБге 4 опер кызматкери жана күйөө балам, аялым менен саат 24:00 чамасында бардык. Опер кызматкерлер "силер сыртта күтүп тургула, кызды биз алып чыгалы" деп РИИБдин имаратына кирип кетишти. Биз аларды эшикте түнкү саат 03:00гө чейин күттүк. Көрсө жанагындай окуя болуп кетиптир», - деди ал.

20 жаштагы Бурулай медициналык окуу жайдын акушер-гинеколог бөлүмүндө билим алып жаткан.

«Бул кызым үйдүн кенжеси, 6 бир тууган эле. Бешөөсү кыз, бирөөсү эркек. Кызым өзү жоош кыз эле. Орозо да кармачу. Оозун ачпай да кетти.

Каза болгон кызыма сүйлөшкөн жигитинин ата-энеси сөйкө салып кетишкен. Август айында тою болмок. Бычактаган бала буга чейин да ала качып кеткен, кызымдын көңүлү башкада болгондуктан кайра алып келгем. Акыркы жолу ата-энеси менен келип, кызды сурашкан эле. "Бул кыздын жигити бар, тою болот" десек "кызыңды өлтүрүп кетем" деп коркуткан.

Өлүкканадан кызымдын сөөгүн кездемеге ороп беришкен. Үйгө келип майрам сууга алганда кекиртегине, жүрөгүнүн тушуна жана ичине бычак менен сайып, турмушка чыга турган жигитинин атын «Н», андан соң «+», «Б» деген белгилерди жазганын көрдүк. Өлтүргөнү аз келгенсип ушинтип жазыптыр. Оорулуу киши дагы мындай кылбайт.

Эми мен укук коргоочулар тарабынан акыйкат чечим күтөм», - деди ал.

Бишкек шаарынан 20 жаштагы кызды уурдап бара жаткан 29-30 жаштар чамасындагы эркек киши аны милиция бөлүмүнүн имаратында бычактап салды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 1998-жылы туулган кыздын денесине 5 жолу бычак сайылган. Анын кесепетинен оор жаракат алган жабырлануучу көп узабай каза болду. Андан кийин кызды бычактаган адам өзүнө бычак шилтеп, оор жаракат менен аймактагы ооруканага жеткирилген.

Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, Бишкек шаарынын тургуну 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качкан. Бул тууралуу маалымат алган Биринчи май РИИБдин кызматкерлери алар бара жаткан унааны Бишкек–Ош унаа жолунда токтоткон.

Милиция кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүү үчүн аларды жакынкы милиция бөлүмүнө алып барып, ошол жерде экөөнүн ортосунда кайым айтышуу чыккан. Андан көп узабай эркек киши кызды бычактаган.

Ал эми Жайыл райондук ооруканасынын маалыматы боюнча, эркек кишинин абалы оор бойдон.

Кийинчерээк Чүй ОИИБ бул факты тууралуу расмий маалымат таратты.

Анда: «27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи май РИИБге 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине тапшырма берилген.

Андан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. (эркек киши) жана 20 жаштагы Т.Б. Жайыл РИИБге жеткирилген. РИИБдин кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (кызды ала качып бара жаткан киши) кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө кошо бычак сайып, алар дароо оорукана жеткирилген.

Бирок Жалал-Абад облусунда төрөлүп, Бишкек шаарында жашап жаткан 20 жаштагы кыз оор жаракаттын кесепетинен жандандыруу бөлүмүндө көз жумду. Ал эми 29 жаштагы жигит Талас облусунун тургуну болгон. Ага операция жасалып, дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.

Экинчи жүргүнчү — 30 жаштагы С.А. менен Жайыл РИИБдин тергөөчүлөрү иштешип жатат. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ошондой эле кызматтык иликтөө башталды», - деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×