Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Чүй

Жаш талант: Сахнадан ырахат алган 16 жаштагы А.Акматов 5 жылдан бери ырдап келет (фото)

Turmush -  16 жаштагы токмоктук Адилет Акматов 5 жылдан бери ар кандай кароо-сынактарга катышып, маданий иш-чараларда ырдап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен ар кандай кароо-сынактарга катышып, иш-чараларда сахнага чыгып ырдап келе жатканыма 5 жылдын жүзү болду. Ушул куттуу сахнага чыгып ырдоо менен ырахат алам, мага жагат. Келечектеги максатым да эл керегине жараган ырчы болсом дейм. Бош убактымда балык кармап эс алганды жактырам», - деди ал.

Жаш ырчы башынан өткөн окуяларды айтып берди.

«Бир күнү досум экөөбүзгө акын, драматург жана котормочу Мидин Алыбаевди эскерүүгө арналган концертке чакыруу кагазы келди. Ал Бишкекте өтмөк, репетицияга саат 07:00гө жетишиш керек болуп, Токмоктон үйдөн тамактанбай чыкканбыз. Шаарга киргенде жолдун тыгынына да карабай өз убагында «Сейтек» драмасына жетишип келдик. Бирок биз кире турчу бөлмөнү таппай, көпкө кыдырып убара болуп, акыры таап, концерт биз ойлогондой ийгиликтүү өттү. Досум экөөбүздүн курсагыбыз ачып, сыртка тамактаналы деп чыксак, «Сейтектин» тегерегинде ашкана же дүкөн жок экен. Экөөбүз шаарды кыдырып, саат 15:00дө араӊ тамактандык. Ошондо ары-бери чуркап жүрүп, аябай курсак ачканы эч эсимден кетпейт. Бирок курсак ачса да, биз үчүн концертте ырдап чыгуу эӊ негизги максат болчу», - деди ал.

Адилет Акматов үй-бүлөдө 4 бир туугандын кенжеси.

«Мен Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында 2002-жылы төрөлгөм. Ата-энем, бир туугандарым бар, кудайга шүгүр», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 650
Көп окулду
×