Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Чүй

20 жаштагы кызды Бишкектен уурдап чыккан киши аны милиция бөлүмүндө бычактап салды (толукталды)

Turmush -  Бишкек шаарынан 20 жаштагы кызды уурдап бара жаткан 29-30 жаштар чамасындагы эркек киши аны милиция бөлүмүнүн имаратында бычактап салды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 1998-жылы туулган кыздын денесине 5 жолу бычак сайылган. Анын кесепетинен оор жаракат алган жабырлануучу көп узабай каза болду. Андан кийин кызды бычактаган адам өзүнө бычак шилтеп, оор жаракат менен аймактагы ооруканага жеткирилген.

Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, Бишкек шаарынын тургуну 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качкан. Бул тууралуу маалымат алган Биринчи май РИИБдин кызматкерлери алар бара жаткан унааны Бишкек–Ош унаа жолунда токтоткон.

Милиция кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүү үчүн аларды жакынкы милиция бөлүмүнө алып барып, ошол жерде экөөнүн ортосунда кайым айтышуу чыккан. Андан көп узабай эркек киши кызды бычактаган.

Ал эми Жайыл райондук ооруканасынын маалыматы боюнча, эркек кишинин абалы оор бойдон.

Башка булактан алынган маалыматка караганда, каза болгон кыз башка жигитке турмушка чыкмак. Тойдун күнү белгиленип, калың берилип, бардыгы чечилип калган. Кыз аны өлтүргөн адам ала качып кетпесин деп жакын туугандарынын үйүндө бекинип жүргөн.

Кийинчерээк Чүй ОИИБ бул факты тууралуу расмий маалымат таратты.

Анда: «Кечээ, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи май РИИБге 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине тапшырма берилген.

Андан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. (эркек киши) жана 20 жаштагы Т.Б. Жайыл РИИБге жеткирилген. РИИБдин кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (кызды ала качып бара жаткан киши) кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө кошо бычак сайып, алар дароо оорукана жеткирилген.

Бирок Жалал-Абад облусунда төрөлүп, Бишкек шаарында жашап жаткан 20 жаштагы кыз оор жаракаттын кесепетинен жандандыруу бөлүмүндө көз жумду. Ал эми 29 жаштагы жигит Талас облусунун тургуну болгон. Ага операция жасалып, дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.

Экинчи жүргүнчү — 30 жаштагы С.А. менен Жайыл РИИБдин тергөөчүлөрү иштешип жатат. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ошондой эле кызматтык иликтөө башталды», - деп айтылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 21747
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×