Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Чүй

Айыл турмушу: 36 жаштагы Ж.Абдыкеримова Ысык-Атанын мыкты мугалими деп табылды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү уюштурган «Жылдын мыкты мугалими-2018» сынагында Ивановка орто мектебинин тарых мугалими Жанна Абдыкеримова жеңүүчү деп табылды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жанна Абдыкеримова Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында 1982-жылы төрөлгөн.

«1988-1990-жылдары Ивановка орто мектебинен билим алып чыгып, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетине тапшыргам. Аны 2005-жылы аяктасам, кийинки жылы өзүм окуп кеткен Ивановка орто мектебинде тарыхтан сабак берип иштеп баштагам. Эмгек жолумду баштаган жылы эле "Жаш мугалимдин депозити" долбооруна катыштым. Андан бери үзүрлүү эмгектенип, бир топ сыйлыктарга татыдым.

Өзүмдүн кесибим абдан жагат. Аябай кызыктуу кесип. Ар бир окуучума өз-өзүнчө мамиле кылам. Себеби, бирөө окууда, экинчиси чыгармачылыкта, үчүнчүсү кол өнөрчүлүктө шыктуу келишет. Аларды бир эле сабакты начар окуганы үчүн урушпаш керек. Окуучунун өзгөчө сапатын, шык-талантын баамдап көрүп, ошого жараша мамиле кылуу керек», - деди ал.

Мугалим бош убактысын үй-бүлөсү менен өткөргөндү жактырат.

«Китеп окуганды жакшы көрөм. Ошондой эле гүл өстүрүүнү, ашканада ар кандай таттууларды жасаганды жана кийим-кече тигүүнү жактырам», - деди ал.

Жанна Абдыкеримова учурда 2 баланын апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1042
Көп окулду
×