Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 28.05.2018 10:35

Ысык-Атада жүк ташыган унаа толугу менен күйүп кетти

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 15 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 28-майда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Чүйдөгү Ысык-Ата районунда 180 түк чөп жүктөлгөн «Форд Карго» үлгүсүндөгү жүк ташыган унаа толугу менен күйүп кетти. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ал эми Токтогул районунун аймагында, тактап айтканда Бишкек–Ош унаа жолунун 256-чакырымындагы Чычкан капчыгайында «МАН» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын арткы 4 дөңгөлөгү күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×