Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Чүй

Унаа, 5 миң доллар, эс алууга жолдомо: Үч баланын апасы С.Шакирова Вьетнамдагы сулуулар сынагын жеңип алды (маек, фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын 30 жаштагы тургуну Сания Шакирова эл аралык «Miss Universe Beauty» сулуулар сынагында жеңүүчү болду.

Анын айтымында, 13 жана 10 жаштагы кыздары, 8 жаштагы уулу бар. Ал 10 жыл Москва шаарында сулуулук салондо иштеп, Ольга Бузова, Ксения Бородина сыяктуу белгилүү адамдарга кызмат көрсөткөн.

«Мектепти аяктагандан кийин юрис адистиги боюнча билим алдым. Бирок сулуулук тармагында иштеп калдым. Көп убакыт бою Россияда иштеп, шоу-бизнестеги белгилүү кардарларды тейледим. Андан кийин мекениме кайтып келип, сулуулук тармагында өз ишимди баштоону чечтим.

Сулуулар сынагына кокусунан катышып калдым. Сынактын алып баруучусу Ассоль Молдокматова ага катышууну сунуштады. Экөөбүз Парижде Пьер Карден жана Владислав Зайцевдин юбилейинде жолукканбыз. Ассоль катталууга жардам берип, "Дүйнө сулуусу-2018" наамына ат салышып калдым. Эл аралык сулуулар сынагы Вьетнамдын Нячанг шаарында 28-мартта башталып, 4-апрелде жыйынтыкталды», - деди ал.

Сания Шакирова сынакка катышууда кандай кыйынчылыктар болгонун айтып берди.

«Сынакка катышуу үчүн арыктоо керек эле. Салмагым 56 кг болчу. Талапка жана боюмдун узундугуна ылайык 3 килограммга арыктадым. Салмак таштоо үчүн болгону 1 гана жума бар болчу. Вьетнамда 10 күн жүрсөм, анын тогуз күнү даярдануу менен өттү. Чындыгында берилген тапшырмалар абдан көп болду. Ар бир кыз сулуу аталууга татыктуу эле. Мен калыстарды кыргыздын улуттук кийими менен таң калтырдым деп ойлойм. Сынактын жыйынтыгы менен модель катары иштөөгө келишим сунуштап, ошондой эле "Мерседес Бенц" унаасын, 5 миң долларлык сертификат жана Венецияга эс алууга жолдомо беришти. 20-июлда Италияга эс алууга жөнөп кетем. Ошондой эле менде жеңүүчүнүн 3 килограммдык таажысы калды», - деди ал.

Үч баланын апасы келечекте Бишкек шаарына эки кабаттуу үй салууну кыялданат. Ал балдарын өзү жалгыз тарбиялап келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10291
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×