Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 26.05.2018 15:00

Ысык-Атада классташтары менен жолугушуу үчүн Германиядан 24 адам келди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Люксенбург айылындагы мектепте акыркы коӊгуроо салтанаты өзгөчө белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анда Я.Я.Ваккер атындагы орто мектебин мындан 25 жыл мурун окуп бүтүп, Германияга көчүп кеткен 23 немис жана бир немис мугалим жолугууга атайын келишти.

Аталган мектептин мугалимдеринин айтуусунда, мындан 25 жыл мурун аталган мектепти 35 окуучу бүтүргөн. Анын 23 окуучусу немис улутунан болсо, калгандары кыргыз-орус жана башка улутунун өкүлдөрү.

«Өзүӊөр билгендей Люксенбургда убагында көбүн немис улутундагы элдер жашаган. Азыр деле алар бар. Германияга көчүп кеткендердин арасында ушул 25 жылдыктардын мугалими да бар. Алар чогулуп мектепке музыкалык аппаратура, колонка, микрафон алып келишти. Ошондой эле, 25 жыл мурун сабак берген мугалимдер чакырылып, мугалим-пенсионерлер келишти.

Германиядан келген конокторду бул жактагы класстары тосуп алышты, акыркы коңгуроодо алардын ар бирине ыраазычылык кат бердик» - деп билдиришти мугалимдер.

Аталган мектептин 11-классын быйыл 50 окуучу аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×