Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Чүй облусу, Токмок 25.05.2018 14:24

Токмоктогу алгачкы орус тилдүү мектепте акыркы коңгуроо кагылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-майда Токмок шаарындагы А.С.Пушкин атындагы инновациялык мектеп-гимназияда акыркы коңгуроо салтанаты өткөрүлдү. Аймактык кабарчы билдиргендей, иш-чарага шаар мэри Данияр Амангелиев да катышты.

Салтанатка шаардын ардактуу коноктору, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, ата-энелер, мугалимдер жана бүтүрүүчүлөр күбө болушту. Мектептеги 79 бүтүрүүчүнүн ичинен 11 окуучу артыкчылык менен аяктады. Алардын арасында республикалык олимпиадада биология сабагы боюнча байгелүү орун алган Саера Бахаутдинова жана математика сабагынан катышкан Хажирет Бабазаева бар.

Аталган мектеп 1970-жылы эң алгачкы орус-тузем мектеби катары түптөлгөн. Мектепти 27 жыл бою өлкөнүн эмгек сиңирген мугалими Любовь Георгиевна жетектесе, учурда бул кызматта Алмазбек Жумагулов иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×