Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Чүй облусу 25.05.2018 01:37

«Алай» жана «Алга» командаларынын мушташ менен аяктаган оюнундагы калыс 1 ай бою калыс болбойт

Turmush -  Мушташ менен аяктаган «Алай» жана «Алга» командаларынын оюнундагы калыс 1 ай бою калыстык кылуудан четтетилди. 20-май күнү Кыргызстандын клубдар аралык чемпионатынын алкагында Кантта өткөн Оштун «Алай» клубу менен Бишкектин «Алга» клубунун оюнуна Тимур Файзуллин калыстык кылган болчу.

«Алай» клубунан билдиришкендей, 22-май күнү Кыргызстан футбол федерациясынын эксперттик-аналитикалык комиссиясынын жыйыны өткөн. Анда «Алай» клубунун Тимур Файзуллин боюнча арызы каралды. Комиссия оюнда тартылган видеоматериалдарга карап, оюндун инспекторунун рапортуна таянуу менен оюндун 52-мүнөтүндө башкы калыс «Алганын» оюнчусу Мирзалиев менен «Алай» клубунун оюнчусу А.Силланын чатакташуусунан кийин түшүнүксүз чечим кабыл алып, эки кызыл кагазды сарыга алмаштырганы, оюндун 76-мүнөтүндө «Алга» клубунун оюнчусунун колуна топ тийгенде 11 метрлик айып соккусун бербегендиги үчүн 1 айга оюндарга калыстык кылуудан четтеткен.

----------------------------------------------------------------------------------------

Оштун «Алай» клубу менен Бишкектин «Алга» клубунун футболчуларынын Канттагы мелдешинен кийинки мушташта конок команданын коргоочусу Шухрат Рахмонов менен чабуулчусу Алиа Силла сабалганы маалымдалган болчу.

Ал эми «Алай» клубунун өкүлү кол салгандар «Алга» клубунун күйөрмандары болгонун айтууда. Ошол эле учурда бишкектик команданын басма сөз кызматы бул чыр-чатакка «Алга» клубунун оюнчуларынын да, күйөрмандардын да тиешеси жок экенин билдирди. Алардын айтымында, конок команданын оюнчуларына кол салган адамдын «Алга» командасына тиешеси жок.

Кийинчерээк Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы бул окуяга ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалганын билдирди.

«Бул боюнча биздин ыкчам-иликтөө тобу иштеп баштаган. Учурда керектелүүчү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Мунун жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», - деп айтылат ОИИБдин билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×