Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Чүй

Аламүдүндүн Таш-Дөбө айыл аймагында сел жүрдү

Turmush -  Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы турак үйлөрдү сел суусу каптады. ӨКМ билдиргендей, кечээ, 23-майда саат 18:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен колоттордон суу агып түшүп, Таш-Дөбө айылындагы Горький жана Комсомол көчөлөрүнүн кесилишиндеги арыктан суу ашкан. Анын кесепетинен Комсомол көчөсүндөгү 4 турак үйдүн короосуна суу кирди. Адамдар жабыркаган жок.

Жергиликтүү тургундар тарабынан арык тазаланып, жашоочулар суу каптаган короолорун өздөрү тазалашты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 691
Көп окулду
×