Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 24.05.2018 08:17

«Жунда» заводундагы өрт учурундагы видео

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы «Жунда» заводунда өрт чыккан учурда тартылган видеотасманы күбөлөр «Репортерго» жөнөткөн. Такталган маалыматтар боюнча, өрт 23-майда күндүз тутанды. Өрттү өчүрүү иштери 3 саатка созулуп, адамдар жаракат алган жок.

Ал эми жумушчулардын айтымында, өрт лабораториянын каршысында тутанган.

«Заводдо өрткө чейин пландык оңдоо иштери жүрүп жаткан. Өрттөн кийин оңдоо иштери токтотулуп, завод иштебей турат», - деди жумушчу.

Ал эми ӨКМ 23-майда «Жунда» заводунда өрт тууралуу чакыруу болбогонун маалымдады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×