Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 23.05.2018 11:49 Жаңыланды: 23.05.2018 12:24 На русском

Таанышына кол салган бет капчан жигиттер итке таланып, андан качып кирген короонун ээси балка менен сабады (фото)

Turmush -  Чүй облусунда бейбашчылыкка шектелген 5 жигит кармалды, деп билдирди бүгүн, 23-майда ОИИБдин басма сөз кызматы. Ага Аламүдүн РИИБге 19-майда кайрылган 21 жаштагы жергиликтүү тургундун арызы себеп болгон.

Арыз ээсинин айтымында, 19-майда саат 00:30 чамасында дарбазасы такылдап, эшикти ачканда азиат түспөлүндөгү, 20-25 жаштар чамасындагы 5-6 жигитти көргөн. Бет капчан жигиттердин бири колунда бычак кармап турса, дагы биринде дубинка болгон.

Аларды көргөн жабырлануучу эшикти жабууга аракет кылып, бирок жетишкен эмес. Ошол учурда алар менен кармашып, дарбазасынын ичине кирүүгө жетишкен үй ээси белгисиз жигиттер тарапка алабай породасындагы итин коё берген. Андан кийин кол салгандар белгисиз тарап качып кетишкен.

Ошондой эле Аламүдүн РИИБге Чыгыш айылынын дагы бир тургуну — 34 жаштагы Г.Р. кайрылып, 19-майда саат 00:45 чамасында короосуна кара түстөгү кийимчен, бет капчан белгисиз адамдар киргенин билдирген. Анын айтымында, белгисиз адамдарды көргөндөн кийин сыртка чыгып, алардын бирин көтөрө чыккан балка менен чапканга жетишкен. Ал эми анын жанындагы беткапчан адамдар качып кетүүгө жетишип, алардын артынан жетпей калгандан кийин кайра кайтып келгенде балка тийгенде жыгылып калган адам да качып кеткен.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбашчылык) жана 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иш козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган болчу. Милиция кызматкерлери бул иш боюнча ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, көп узабай шектүүлөр да аныкталды.

Шектүүлөр:

- Ысык-Көл облусунун 20 жаштагы тургуну М.А.;

- 21 жаштагы А.У.;

- Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну У.Э.;

- Баткендин 17 жаштагы тургун М.Б.;

- Жалал-Абаддын 24 жаштагы тургуну А.С.

Учурда шектүүлөргө бейбашчылык боюнча айып тагылып жатат. Аларга карата баш коргоо чарасы каралып, экөө бир айга абакка камалса, калгандары үй камагына чыгарылган.


Шектүү

Кийинчерээк аныкталган маалыматтар боюнча, кармалган шектүүлөр 21 жаштагы арыздануучунун үйүнө ортолорундагы маселесин чечүү үчүн барышкан. Ал каршылык көрсөтүп, ити кошо кубалаганда андан качууга аракет кылышып, экинчи арыз ээсинин короосуна кирип барышкан.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө М.Б. Аламүдүн районунун аймагындагы уурулук боюнча 4 фактыга, А.У. 5 фактыга шектүү экени да белгилүү болду. Учурда бул окуяларга байланыштуу тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×