Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Чүй облусуСокулук району 23.05.2018 10:13

Сокулукта салыкчылар футболдук мелдешке түшүштү (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунда «Мамлекеттик салык кызматынын эӊ мыкты кызматкери» наамына татыган Хусеин Макашевдин жаркын элесине арналган салыкчылар арасында кичи футболдук турнир болуп өттү.

Маркумдун жубайы Токтобүбү Ракимбаеванын айтымында, маркум Хусейин Макашев салык кызматында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген.

«Жолдошум өз кесибин абдан сүйчү. Ал чын дилинен ак кызмат кылды. Биз бул иш-чараны анын жаркын элесине арнадык. Иш-чарага көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылык билдиребиз.
Мелдешке Сокулук, Панфилов, Москва, Жайыл, Чүй, Ысык-Ата райондорунан жана Токмок шаарынан, Бишкектин Ленин, Свердлов, Октябрь райондорунан келген командалар катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Свердлов районунан келген команда жеӊип 5 000 сом, 2-орунду Октябрь районунан келген команда жеӊип 3000 сом, 3-орунду Ленин районунун командасы жеӊип 2000 сом менен сыйланышты», - деди Т.Ракимбаева.

«Мыкты коргоочу» наамын Таалай Иманалиев (Ленин району), «Мыкты чабуулчу» наамын Даниел Чекиров (Октябрь району), «Мыкты дарбазачы» наамын Алмаз Жумабаев (Сверлов району) алып, ар бирине 1000 сомдон акчалай сыйлык берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×