Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Чүй

Москва районунда 2 жаштагы кызды унаа тепселеп кетти

Turmush -  Москва районунун Садовое айылында жол кырсыгы катталып, 2 жаштагы кызды унаа тепселеп кетти. Бул окуяны Turmush басылмасына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, аталган жол кырсык 20-майда болгон. «Форд Транзит» үлгүсүндөгү унааны башкарган Садовое айылынын 1971-жылы туулган С.Ш. аттуу тургуну унаасын артка айдоого аракет кылган учурда кичинекей кызды тепселеп кеткен. Анын кесепетинен оор жаракат алган 2 жаштагы кыз райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок дарыгерлердин көрсөткөн медициналык жардамына карабай жабырлануучу чарчап калган. Азыркы тапта бул жол кырсыгы тууралуу иликтөө иштери жүргүзүлүп, автоунаа айып пул төлөөчү жайга токтотулду.

Ал эми күбөлөрдүн айтымында, жол кырсыгына кабылган кызга 1 жаш 8 ай болгон.

«Аны жакын туугандары эле сүзүп алыптыр десе, дагы бир айылдаштары атасынын теӊтуш баласы конокко келип, унаасын артка айдап баратып тепселеп алган дешти», - деп билдиришти күбөлөр.

Москва райондук оорукананын кызматкерлери, жабырлануучуну дароо ревматологдор көрүп, өлүкканага жиберишкен.

«Кызды толук эле тебелеп кеткен окшойт. Аны алып келишкенде дароо ревматологдор көрүшүп, өлүкканага жиберишти. Анткени эч нерсе кыла албай калышты. Тактап айтканда кыз ооруканага 90% өлүү түшкөн. Биз тиешелүү органдарга дароо билдирип, андан аркы ишти соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлери менен милициянын ыкчам тобу алып кетишкен», - деп билдиришти ооруканадан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 920
Көп окулду
×