Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Чүй

Ысык-Атада унаанын ичинен чөнтөк телефон уурдоого шектелип 17 жаштагы кыз кармалды

Turmush -  Ысык-Ата районунда автоунаанын ичинен чөнтөк телефон уурдоого шектелип 17 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Ысык-Ата РИИБге Новопокровка айылынын 46 жаштагы тургуну Б.Т. кайрылып, ушул жылдын апрель айында Ивановка айылынын бир көчөсүнө унаасын токтотуп, өзү дүкөнгө киргенин, ошол учурда унаасындагы чөнтөк телефонун уурдатып жибергендигин билдирген.

«Айдоочу дүкөндөн чыгып, автоунаасына келгенде уюлдук телефонун таппай калган. Ал милиция кызматкерлерине кайрылды. Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган айылдын 17 жаштагы тургуну бул кылмышка шектүү катары кармалып, учурда РИИБге жеткирилди. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 705
Көп окулду
×