Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Чүй

Ысык-Атада 50 жаштагы аялдын 630 000 сомун алдап алууга шектелген тургун кармалды

Turmush -  Ысык-Ата районунда алдамчылык жол менен тургундун чоң суммадагы акча каражатын алып кеткен 32 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, Ысык-Ата РИИБге Жетиген айылынын 50 жаштагы тургуну Б.Р. кайрылып, чала тааныш аял алдамчылык жол менен ишенимине кирип, 630 000 сомун алып, андан кийин изин жашырып кеткендигин билдирген.

Бул окуя боюнча Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери жүргүзгөн иштеринин натыйжасында Чүй облусунун 32 жаштагы И.С. аттуу тургуну аталган кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 559
Көп окулду
×