Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусу, Кант 21.05.2018 16:32 Жаңыланды: 21.05.2018 16:58

Фото, видео - Футболдон кийинки чыр: «Алайдын» коргоочусу да токмоктолуп, мурду сынды

Turmush -  Оштун «Алай» клубу менен Бишкектин «Алга» клубунун футболчуларынын Канттагы мелдешинен кийинки мушташта конок команданын коргоочусу Шухрат Рахмонов да жабыркаган. Бул тууралуу күбөлөр Turmush басылмасына билдиришти.

Күбөлөрдүн айтымында, кол салгандар Ш.Рахмоновдун мурдун сындырышкан. Буга чейин аталган мелдеште «Алайдын» чабуулчусу Алиа Силла сабалганы маалымдалган болчу.

Ал эми «Алай» клубунун өкүлү кол салгандар «Алга» клубунун күйөрмандары болгонун айтууда. Ошол эле учурда бишкектик команданын басма сөз кызматы бул чыр-чатакка «Алга» клубунун оюнчуларынын да, күйөрмандардын да тиешеси жок экенин билдирди. Алардын айтымында, конок команданын оюнчуларына кол салган адамдын «Алга» командасына тиешеси жок.

Кийинчерээк Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы бул окуяга ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалганын билдирди.

«Бул боюнча биздин ыкчам-иликтөө тобу иштеп баштаган. Учурда керектелүүчү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Мунун жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», - деп айтылат ОИИБдин билдирүүсүндө.

Кечээ, 20-май күнү Кант шаарында эки команданын футболчулары Топ-лиганын алкагында беттешкен. Ал оюнда «Алай» клубунун чабуулчусу Алиа Силла эки жолу сары кагаз алып, футбол талаасын таштап кеткен. Ал эми оюн бүткөндөн кийин «Алайдын» башка оюнчулары кийимдерди чечүүчү бөлмөдөн Алиа Силланы токмоктолгон абалда табышкан. Мындан кийин «Алай» клубунун оюнчулары Силланы урган адамдар менен конфликтке барып, анын кесепетинен футболчуларды жүздөй адам токмоктогонго аракет кылышканы айтылууда.
20-майда Кант шаарында өткөн мелдеш
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×