Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 21.05.2018 14:10

Фото — 18 жаштагы Адина Сманова Кара-Балта шаарынын сулуусу деп табылды

Turmush -  Кечээ, 20-майда Кара-Балта шаарында «Кара-Балта сулуусу-2018» сынагы өтүп, ага 15 жаштан 26 жашка чейинки курактагы 10 талапкер катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, талапкерлер дефиле, Кыргызстандын маданияты жана тарыхы тууралуу интеллектуалдык суроолорго жооп берүү, улуттук кийимдерди жана чыгармачылык номурларды көрсөтүү боюнча тапшырмаларды аткарып беришти. Чыгармачылык номурларды көрсөтүү тапшырмасында кыздар бийлеп, ырдап беришти. Алардын арасындагы Виктория Набадчикова көрүүчүлөрдүн көзүнчө пейзаж тартып, аны калыстар тобунун бир мүчөсүнө тапшырды.

Сынактын жыйынтыгында «Кара-Балта сулуусу-2018» наамын Адина Сманова, вице-сулуу наамын Таңсулуу Сартова жеңип алды. Сынактын жеңүүчүсүнө таажыны «Кара-Балта сулуусу-2017» Хабиба Молдолиева кийгизди.

Адина Сманова Жайыл районунун Жон-Арык айылында төрөлгөн. Учурда Кара-Балта шаарында жашап, колледжде билим алып жатат. Окуу жайды аяктагандан кийин көркөм өнөр институтунда билим алууну максат кылууда. Адина кичинекей кезинен тартып бий менен алектенип келет.

«Кара-Балта сулуусу-2018» сынагынын катышуучулары:

- 18 жаштагы Сманова Адина, Кара-Балта шаары, студент;

- 15 жаштагы Жибек Айтбекова, Кара-Балта шаарындагы мектеп-гимназиянын 8-классынын окуучусу;

- 16 жаштагы Аэлина Алымкулова, Жайыл районундагы мектеп-гимназиянын 9-классынын окуучусу;

- 17 жаштагы Азиза Алмазова, Кара-Балта шаары, студент;

- 15 жаштагы Камилла Азылбекова, Кара-Балта шаарындагы №5 орто мектебинин окуучусу;

- 15 жаштагы Айдана Керимжанова, Кара-Балта шаарындагы №1 орто мектебинин окуучусу;

- 25 жаштагы Таңсулуу Сартова, хореограф;

- 16 жаштагы Жанара Туратбекова, Панфилов районунун Вознесеновка айылындагы мектептин окуучусу;

- 17 жаштагы Туратбек кызы Кенжегүл, 10-класстын окуучусу;

- 26 жаштагы Виктория Набадчикова, Кара-Балта шаарындагы көркөм өнөр мектебинин мугалими.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×