Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Чүй

Футболдон кийинки чыр: «Алайдын» чабуулчусу Алиа Силла токмоктолду (фото)

Turmush -  Оштун «Алай» клубу менен Бишкектин «Алга» клубунун футболчуларынын мелдешинен кийинки мушташ боюнча тактоо иштери жүрүп жатат. Өздүк булактардын маалыматы боюнча, спорт тармагындагы жетекчинин айдоочусу биринчи кол көтөргөн.

Кечээ, 20-май күнү Кант шаарында эки команданын футболчулары Топ-лиганын алкагында беттешкен. Ал оюнда «Алай» клубунун чабуулчусу Алиа Силла эки жолу сары кагаз алып, футбол талаасын таштап кеткен. Ал эми оюн бүткөндөн кийин «Алайдын» башка оюнчулары кийимдерди чечүүчү бөлмөдөн Алиа Силланы токмоктолгон абалда табышкан. Мындан кийин «Алай» клубунун оюнчулары Силланы урган адамдар менен конфликтке барып, анын кесепетинен футболчуларды жүздөй адам токмоктогонго аракет кылышканы айтылууда.

20-майда Кант шаарында өткөн мелдеш

Ал эми «Алга» футбол клубунун катчысы Адилет Алыев Алиа Силлага кол көтөргөн адам «Алга» командасынын оюнчусу да, күйөрманы да эмес, деп билдирди.

«Алиа Силла биздин тайпанын футболчусун согуп жиберип, ошонун кесепетинен сары кагаз алган. Андан кийин кайра ката кетирип, калыстар тарабынан дагы бир сары кагаз көрсөтүлгөн. Ошондо ал калыстардын мүчөсүн да согуп жиберди.

Футбол бүткөндө ар ким өз ордуларына кеткен. Ошондо А.Силланы белгисиз адам чакырып, аны уруп жибериптир. "Алай" тайпасынын балдары ал кишини тегеректеп уруп киргенде, биздин тайпанын балдары, күйөрмандар чуркап барып, ызылдашып кетишти. Андан соӊ "Алай" тайпасы өздөрүнүн бөлмөсүнө кирип, ичинен бекинип алышкан. Аягында эки футбол клубдун жетекчилери бул талашты жаап, эки тарапты элдештиришти.

Оюнда трибунада 60-65 киши отурган. Шаардан 30-35 күйөрман келсе, калган 20-25 күйөрман Кант шаарынын тургундары болчу. Ал эми социалдык тармактарда 100дөн ашуун бала сабады деп айтылган маалыматтар жалган.

Оюн учурунда талаш-тартыштар болбой койбойт. Биз бири-бирибиз менен элдешкенден кийин футболдо мыкты ойноп, мындан ары ынтымагыбызды бекемдешибиз керек», - деди А.Алыев.

Күбөлөрдүн маалыматы:

Кант шаарындагы футбол талаада «Алай» (Ош) менен «Алга» (Бишкек) командаларынын беттеши мушташ менен аяктады. Кечээ, 20-майдагы окуяга күбө болгон күйөрмандар Turmush басылмасына билдиргендей, уруш финалдык беттештен кийин чыккан.

Алгач бир нече адамдын ортосунда пикир келишпестик жаралып, андан соң аларга трибунадан түшүп барган күйөрмандар да кошулган. Ошондой эле эки тараптын пикир келишпестиги кийим алмаштыруучу жайда да жаралган. Ал эми оюнда кетирген катасы үчүн «Алай» клубунун чабуулчусу оюндан чыгарылды.

Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп турганы менен жаңжал учурунда алардын саны аз экени байкалып турду, дешет күбөлөр.

Ал эми экинчи күбөнүн айтымында, оюн талаасындагы урушка көпчүлүк катышкан жок. Алиа Силла оюн учурунда эки сары карта алып, оюн талаасынан чыгарылган. Андан кийин ал кийим алмаштыруучу жайга барып, анын жанына барган белгисиз эркек киши экөөнүн ортосунда конфликт жаралган. Андан кийин алардын жанына оюнчулар менен күйөрмандар барышты.

Мыкты чабуулдары менен таанылган Алиа Силла

«Кара жорго» аталып, мыкты чабуулчу катары таанылган Оштун «Алай» футбол командасынын оюнчусу Алиа Силла (1988-жылы төрөлгөн) буга чейин өзү тууралуу Turmush басылмасына айтып берген болчу.

Алиа Силла

«Мен Гвинея өлкөсүндө төрөлгөм. Футбол менин мектеп курагымда тандаган спортум. Профессионалдуу оюнчу болуу үчүн көп эмгектендим. Атам менин илим менен алектенишимди каалаган, бирок футболго болгон кызыгуум күчтүү болгондуктан башка нерсеге аралашып кете албадым. Ошондуктан азыркы убакытка чейин футболдун артынан жүрөм. Мага Оштун "Алай" командасынан сунуш түшкөндө макул болдум. Анткени кыргыз жери сонун, эли меймандос. Азыр мени фанаттарым "Кара жорго" деп атап алышыптыр. Ар бир гол киргизгенде колдоочуларым "Кара жоргону" бийлөөнү суранышат. Андан улам гол киргизгенде күйөрмандар үчүн стадиондо "Кара жорго" бийин бийлейм. Ар бир оюнда гол киргизип, күйөрмандарды кубанткым келет. Мен кыргыз футболуна бир аз болсо да салым кошуп, күйөрмандарымдын оозунда мыкты оюнчу катары калсам дейм.

Кыргыз тамактары абдан даамду экен. Күйөрмандарыма сүйгөн командаңарга ар кандай кыйынчылыктарда дагы колдоо көрсөткүлө демекчимин», - деген Алиа.

Алиа буга чейин Россиянын, Тажикстандын футбол клубдарында келишимдик негизде ойноп келген.

2016-жылы 2-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курамасы менен болгон беттештеги «Алайдын» жеңишинен кийинки «Кара жорго»:

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3311
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×