Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Чүй облусу, Кант 21.05.2018 08:19 На русском

Кантта «Алай» менен «Алганын» беттеши мушташ менен аяктады (фото)

Turmush -  Кант шаарындагы футбол талаада «Алай» (Ош) менен «Алга» (Бишкек) командаларынын беттеши мушташ менен аяктады. Кечээ, 20-майдагы окуяга күбө болгон күйөрмандар Turmush басылмасына билдиргендей, уруш финалдык беттештен кийин чыккан.

Алгач бир нече адамдын ортосунда пикир келишпестик жаралып, андан соң аларга трибунадан түшүп барган күйөрмандар да кошулган. Ошондой эле эки тараптын пикир келишпестиги кийим алмаштыруучу жайда да жаралган. Ал эми оюнда кетирген катасы үчүн «Алай» клубунун чабуулчусу оюндан чыгарылды.

Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп турганы менен жаңжал учурунда алардын саны аз экени байкалып турду, дешет күбөлөр.

Ал эми экинчи күбөнүн айтымында, оюн талаасындагы урушка көпчүлүк катышкан жок. Алиа Силла оюн учурунда эки сары карта алып, оюн талаасынан чыгарылган. Андан кийин ал кийим алмаштыруучу жайга барып, анын жанына барган белгисиз эркек киши экөөнүн ортосунда конфликт жаралган. Андан кийин алардын жанына оюнчулар менен күйөрмандар барышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×