Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Чүй

Жаш талант: 10 жаштагы А.Кантемирова «Бийчи борбор» жана «Жаӊы жылдыз» бий сынактарында 1-орунду багындырды (видео, фото)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын 10 жаштагы тургуну Аделия Кантемирова «Бийчи борбор» жана «Жаӊы жылдыз» аттуу республикалык бий сынактарына катышып, 1-орунду багындырды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Кичинекей бийчи кыздын апасы Айжан Турдумамбетованын айтымында, Аделия наристе кезинде эле ийилчээк болчу.

«Кызым 2008-жылы Кара-Балта шаарында төрөлгөн, 3 бир туугандын ортончусу. Атасы Марс Сакадаев, байкеси Нурадил Кантемиров жана иниси Нурамир болуп Аделиянын бул талантын колдоп келебиз. Бийге болгон шыгын байкап, аны 4 жашында эле бий ийримдерине берип койгонбуз. Ошондон бери бий ийриминдеги кыздар менен чогуу Кара-Балтанын маданият үйүндөгү майрамдарда ар дайым бийлеп келишет. Жакында эле Бишкек шаарында өткөн "Бийчи борбор" бий сынагына кыргыз бийин аткарып 1-орунду алды. Андан бир ай өтпөй "Жаӊы жылдыз" сынагына бий тобу менен катышып, 4-орунду алса, өзү жалгыз бийлеп 1-орунду жеӊип алды.

Бийди Мээрим Байсабаева атуу эжейи үйрөтүп келет. 10-майда Кара-Балтада "Жылдын мыкты мугалими-2018" сынагын кыргыз бийи менен ачты. Аделия Кара-Балта шаарынын №6 мектеп-гимназиясында 3-класста окуйт. Колу бир нерселерге абдан шыктуу. Мага көп жардам берет», - деди бийчинин апасы.

Кичинекей бийчи Аделия бий өнөрүнөн башка англис тилин үйрөнүп келет.

«Мен көбүнчө заманбап бийлерге басым жасап келем. Мектепте болсо мыкты окуучумун. Бийден башка англис тилин үйрөнүүгө ашык болуп келем. Ашканада апама жардам бергенди жактырам. Бош убактымда сүрөт тартам», - деди Аделия.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1673
Көп окулду
×