Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 19.05.2018 10:59

Жайлоодогу жашоо: Чуңкурчакта М.Исаков күнүгө 5 маал 9 бээ саап, кымыз жасайт (видео, фото)

Turmush -  Чүй өрөөнүнүн аймагынан орун алган Чуңкурчак жайлоосунан жайында чет элдик жана жергиликтүү эс алуучулардын аягы үзүлбөйт.

Жайлоонун жээктери койкойгон карагайлардын токою, андан ары бийик тоолор менен курчалып, аска-зоону аралай тоонун көк кашка мөлтүр суулары таштан-ташка уруна, мөңкүп агып жатат. Абасы таза жана аба ырайы мээлүн келген жайлоодо 20 жылдан бери бээ байлаган Мырзабек Исаков күнүгө 5 маал 9 бээ сааса, жубайы 6 уй саап, каймак жана сары май жасап сатып келет. Мырзабек Исаков менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, бала кезден жайлоодо өсүп, мал багуунун сырын жакшы билет.

«Бала кезибизден жайлоого жакын өстүк. Эс тарткандан баштап эле ата-энем жайлоого бээ, уй багып чыгып кетишчү. Биз да аларга кол кабыш кылып, жайлоонун керемет жашоосу менен өсүп-чоӊойдук. Албетте, ар бир иштин жыргалы менен азабы бар. Бизди азапка салган бул аба ырайы. Жайлоого апрелдин аягы майдын башында көчүп келебиз. Быйыл көчүп келгенден бери 2 жолу кар жаады. Андайда бир аз кыйналабыз. Күн бүркөлүп жамгыр жааганда бир топ түйшүккө түшүп, жүдөп, бар жогубуз, айланабыз суу болуп эле жатып калабыз. Жайлоого жаандын күнү чыгып, эс алгандар билсе керек, катуу жаан жааса да малды тейлеп жүргөнүбүз жүргөн. Шаардыктардай болсок, жамгыр жааса колго кол чатыр кармап, аялдамаларга корголоп же үйдөн чыкпай жылуу жумшак тасма көрүп отурар элек. Бирок бизде жашоо такыр башка. Биздин үй-бүлөнүн бактылуу, кызыктуу жашоосу ушул жайлоодо деп ойлойм. Анткени, жамгыр жааса да таза абада жүрөбүз, таза табигый азыктар менен азыктанып, кымыздын сүтү менен ден соолугубузга кам көрөбүз», - деди ал.

Мырзабек Исаков жайлоодо карышкырлар көп экендигин жана алардан малды кайтаруу бир топ түйшүктү жаратарын да баса белгиледи.

«Карышкырдын да азабы өтүп кетет. Андан коруп, малды кайтарып турбасак, көзгө басар бээ, жылкыларыбызды жыра тартып кетиши мүмкүн. Кээде мал жайылып жүргөн жеринен уй, бээлерибизди таппай калган учурлар да болот. Эртеден кечке же бир-эки күн издеп жүрүп таап келебиз.

Ар бир күнүбүз бээлерибиздин, уйларыбыздын астын тазалап, аларга көз салуу менен башталат. Жеӊеӊер уй саап, каймак тартып, сүт бышырып, бизге тамак-аш даярдап колу бошобойт. Мен болсо мал тейлеп, бээ саап жатып эле күн кантип өтүп кеткенин байкабай калам. Малдын түйшүгүнө жараша ар бир күнүбүз кызыктуу окуялар менен коштолот. Жакында эле бир окуя болду. Менин салмагым 100 кг. Бээни саап жатсам, жайлоого келген эс алуучунун баласы жанымдагы бир бээни үркүтүп таш менен чаап жиберди. Саап жаткан бээм да үркүп, бир чака сүттү тээп салды. Баягы сүт башыман ылдый куюлуп отуруп калдым. Эс алып жаткандар биздин ырайыбызды көрүп, жер чапчып аябай күлүп калышты», - деди ал.

Мырзабек Исаков бээнин сүтүн кымызга айландырып, анын 1 литрин 200 сомдон баалап сатат.

«Күндүз кечке бээ саап, келген конокторду тосуу менен убактыбыз өтөт. Жылдан жылга кардарларыбыз да көбөйүүдө. Бээнин сүтүн 200 сомдон сатабыз. Кымыз дагы ушундай баада сатылат. Ал эми уйдун сүтүн жана каймагын жеке ишкерлерге өткөрөбүз», - деди ал.

Исаков Мырзабек 1977-жылы Аламүдүн районундагы Арашан айылында төрөлгөн.

«Келинчегим экөөбүздүн 2 кызыбыз бар. Улуусу 15 жашка чыкса, кичүүсү 9 жашта», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×