Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Чүй

Сүйүнчү! 35 жаштагы Гүлбарчын 3 эм төрөп, 8 баланын энеси болду (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын 35 жаштагы тургуну Гүлбарчын Карим кызы ушул жылдын 2-апрелинде үч эмдүү болду. Алардын экөө эркек, бири кыз. Ал жолдошу менен бирге жаңы төрөлгөн ымыркайларына Айша, Исмаил жана Исхак деген ысымдарды ыйгарган. Гүлбарчын менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, биринчи 2 кг 135 грамм салмак менен кыз, андан соң 2 кг 40 грамм жана 1 кг 940 грамм салмак менен эркек балдар операция жолу менен Бишкектен төрүлүшкөн. Гүлжан бул ымыркайлары менен үйүнө 40 күндөн кийин барды. Ага чейин үч эм дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болуп, Жайыл райондук аймактык ооруканасынын ара төрөлгөн балдар бөлүмүндө жатышкан.

«Төрөй турган күнүмө бир нече жума жетпей калдым. 1-апрелде суу кетип, өзүмдүн гинекологума чалдым. Ал дароо эле төрөтканага баруу керектигин айтты. 2-апрелде мага операция жасалып, төрөт жакшы өттү. Экинчи балам саргылт болгондуктан, бизди ара төрөлгөн балдар бөлүмүнө которушту. Ал жерде бир айдан ашык убакыт жашап, кызым 900 грамм, ал эми балдарым 500-600 грамм салмак кошту», - деди ал.

Үч эмге чейин Гүлбарчын Карим кызы 5 баланын энеси болгон.

«Кош бойлуулуктун 4 айынан тарта эч нерсе жасай албай калгам. Жада калса мен үчүн кыймылдоо да оор болчу. Мындан улам жолдошум үйдөгү жумуштарды жасоону жана улуу балдарымды кароону өз мойнуна алган. Үч эмден тышкары жолдошум экөөбүздүн ортобузда 5 балабыз — бир кыз жана төрт эркегибиз бар. Эми биз 8 баланын, тактап айтканда 6 эркектин жана 2 кыздын ата-энесибиз», - деди ал.

Гүлбарчын Карим кызы ден соолугуна байланыштуу кош бойлуулукту токтотуу ниети менен дарыгерге барган. Бирок дарыгер 8 айлык боюнда бар Карим кызын атайын тизмеге алып, ультра үндүү текшерүүгө (УЗИ) жөнөткөн. Текшерүүдөн кийин 3 эмдүү болорун билген Гүлбарчын жолдошу жана өзүнүн дарыгери менен сүйлөшүп, боюнан алдыруу чечиминен баш тарткан.

«Эгиздер жолдошум тарапта болгон. Анын Жалал-Абадда жашаган тууганы үч жолу эгиздерди төрөгөн. Мындан тышкары, кош бойлуу келинибиздин да балдары эгиз деп жатышат. Ал эми тукумубузда биринчи жолу 3 эм төрөлдү», - деди Гүлбарчын.

Гүлбарчындын гинеколог-дарыгери Гүлмира Орозолиева Кара-Балта шаарында мындай көрүнүш чанда гана кездешерин билдирди.

«Кудайдын сүйүктүү адамдары 3 эм төрөшөт деп айтышат. Мындай көрүнүш Кара-Балта шаарында чанда гана кездешет. Ал эми бизде эгиз төрөгөндөр аз эмес. Өткөн жылы менин тизмемдеги 8 аял эгиз төрөгөн.

Гүлбарчындан тышкары мындан 15 жыл мурун дагы бир келин 3 эм төрөгөн. Гүлбарчын башка мамилени талап кылган өзгөчө бейтап болду. Себеби, бир эле баланы көтөрүп жүрүү оор. А, бул жерде бир жатында дароо бир нече эмбриондор өсүп жетилишет. Ошондуктан бул учурда кош бойлуу аял өзүн дайыма карап, кыймылдап, туура тамактанып, өз учурунда дарыгерге кайрылып турушу зарыл. Гүлбарчын дарыгердин бардык айткандарын аткарды. Кош бойлуу учурунда гинекология бөлүмүнө бойдон түшүп калуу коркунучу менен 10 күн жатып чыкты», - деди ал.

35 жаштагы Гүлбарчын жолдошу Бексултан менен 2003-жылы Бишкек шаарында таанышкан. Жубайлардын экөө тең Жала-Абад облусунан болушат. Гүлбарчын борбор калаага окуу жайга тапшыруу үчүн келгенде Бексултан шаардагы медресени аяктап жаткан. Алар биринчи жолу туугандарынын үйүндө жолугушкан болчу. Жаш жигит Гүлбарчындын жездеси менен дос болгон. Экөө таанышып, жолугушуп жүргөндөн кийин Бексултан турмуш куруу сунушун киргизип, 2004-жылдын башында баш кошуп, ушул эле жылдын аягында балалуу болушкан.

Жубайлар алгач Бишкек шаарында жашап, балалуу болгондон кийин Сокулук районуна көчүп барышкан. Ал эми 2011-жылдан баштап Кара-Балта шаарында жашап жатышат.

Гүлбарчындын айтымында, үч эмге өзүнүн сүтү жетпейт. Акы төлөп батирде жашаган үй-бүлө 3 эмдин төрөлүшү менен мамлекеттен батир же жер тилкесин алууга үмүттөнүп жатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11439
Көп окулду
×