Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Чүй облусу, Кант 18.05.2018 09:48

Жаш талант: Карындаштарына үлгүлүү болуу үчүн жакшы окуган Б.Токтоналиев оор атлетикада ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Өзүнөн кичүү үч карындашына үлгүлүү болууну максат кылган Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын 14 жаштагы тургуну Бекмырза Токтоналиев спорттун оор атлетика түрү менен машыгып, англис тилин үйрөнүп жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бекмырза келечекте Лондонго саякат жасап, медицина тармагындагы кесиптин ээси болууну көздөөдө.

«Мен учурда Д.П.Зубкова атындагы Кант шаардык №1 мектеп-гимназияда билим алып келем. Мурда жеӊил атлетика менен машыкчумун. Анда да бир топ жеӊиштерге жетип, бир катар сыйлыктарга татыгам. Азыр болсо оор атлетика менен машыгуудамын. Оор атлетикага келгениме аз эле убакыт болду. Ошондон бери 2 мелдешке катыштым. Албетте, баары дароо боло калбаса керек. Ошол себептен экөөндө теӊ орун алган жокмун. Бирок өзүм үчүн рекорд жасай алдым. Анда 55 кг салмактагы оордукту түртүп, 42 кг салмактагы оордукту көтөрдүм. Өзүмдүн 55,7 кг салмагыма бул жакшы көрүнүш.

Спорттон сырткары Кант шаардык борбордук китепканада англис тили курсуна барып турам. Негизи эле аталган китепкана менен чогуу көптөгөн иш-чарага катышып келебиз. Ал эми англис тилин үйрөнүү боюнча атайын ийримге барып окуп келе жатканыма көп эле жыл болду. Келечекте Улуу Британиянын Лондон шаарына барууну кыялданып келем. Ошондой эле келечекте И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына ийгиликтүү тапшырып алсам деген аруу тилегим бар. Ошол себептен азыртадан химия жана биология сабагына көбүрөөк басым жасап окуп жатам. Негизи эле келечекке койгон максаттарым көп. Спорт жаатта да ийгиликтерди жаратсам дейм», - деди ал.

Жаш спортчу үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

«Менден кийин үч кыз бар. Сезима 8 жашта, Айбийке 4 жашта болсо, Айтумар 2 жашта. Мен алардын келечегине кам көрүп, аларга үлгү болушум үчүн талыкпай билим алып келем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×