Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Баракелде 17.05.2018 15:25

Көпчүлүк аймакта жаан жаайт, - 18-майга карата аба ырайы

Turmush -  Эртең, 18-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, деп эскертет Кыргызгидромет.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ал эми Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жаан жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө

түнкүсүн +8...+13
күндүз +20...+25

Талас өрөөнүндө

түнкүсүн +7...+12
күндүз +20...+25

Ош жана Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн +10...+15
күндүз +19...+24

Баткен облусунда

түнкүсүн +10...+15
күндүз +20...+25

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн +4...+9
күндүз +15...+20

Нарын облусунда

түнкүсүн +4...+9
күндүз +16...+21

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12 градус, күндүз +22...+24 градус болот.

Ош шарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12 градус, күндүз +20...+22 градус болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×