Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баракелде, Бишкек 17.05.2018 13:32 На русском

С.Жээнбеков кылмыш иштин мөөнөтү аякташын алып салууну колдойт

Turmush -  Кылмыш иштин мөөнөтүнүн бүтүшү менен кылмыш жоокерчилигине тартуунун токтолушунун зарылдыгы жөнүндө ойлонуу керек. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Соттук реформа боюнча кеңештин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

«Азыр мыйзам боюнча кылмыш иштин мөөнөтү аяктаса сот ишти токтотот. Мунун айынан укук коргоо органдары менен соттук органдардын күнөөлүүлөрдү издеп табуу боюнча аткарган иштери бекерге кетип жатат. Келтирилген чыгымдын ордун толтуртуп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуунун ордуна кылмыш иш соттук акт менен токтотулуп жатат», - деди ал.

Президент бул маселе тыкыр иштелип чыгышы керектигин, күнөөлүүлөргө юридикалык баа берилип, келтирилген чыгымдар сөзсүз кайтарылышы зарылдыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×