Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Чүй облусуСокулук району 17.05.2018 12:24

Жаш талант: Моңголиядагы оюнга жолдомо алган тогуз коргоолчу Сыргак республикалык мелдеште агайлар менен беттешкен (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылынын 16 жаштагы тургуну Сырттан уулу Сыргак тогуз коргоол боюнча өткөн республикалык мелдеште 1-орунду алып, Моңголияда өтө турчу мелдешке жана III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга жолдомо алды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, тогуз коргоол менен 7-классынан бери машыгып келет.

«Мен учурда Бейшенаалы атындагы орто мектепте 10-класста билим алам. 7-классымда биздин мектептеги тогуз коргоол ийримине жөн эле барып катышып көрүп, ошондо оюнду жактырып калгам. Агайыбыз Дурусбек Ашимов мектебибизден бир топ окуучуну мыкты тогуз коргоолчу кылып машыктыра алды. Анын ичинде мен да бармын. Биз күн сайын мектепте сабактар бүткөндө класска калып, агайыбыз менен 2 сааттай машыгабыз. Андан соӊ үйгө келип ата-энеме жардам кылып бүткөндөн кийин кайра машыгууну улантам. Ата-энем дагы менин машыгып турушума шарт түзүп, колдоп да турушат.

Муса Качкынов жана Адилет Бейшеналиев деген классташтарым дагы Чүйдө өткөн тогуз коргоолдо алдыңкы орундарды алып келишкен. Мектебибизде тогуз коргоол боюнча Чүйдүн чемпиондору көп. Алар ар кайсы класстарда окушат», - деди ал.

Жаш талант жакында эле өткөн мелдеште республиканын ар тарабынан келген эӊ мыкты деген оюнчулар менен беттешке чыккан.

«Моңголиядагы мелдешке жана III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоо туру 1 жума бою өткөрүлдү. Мен республикадан эӊ кыйын оюнчу деп аталган 16 тогуз коргоолчу менен беттештим. Анын ичинде менден улуу агайлар, студенттер, мектеп окуучулары да бар экен. Азыр толкунданып турам. Алдыда чоӊ оюн күтүп турат. Тогуз коргоолду ушул Кыргызстан, Казакстан жана Моңголиядагы тургундар жакшы ойнойт деп уктум. Европа мамлекеттери кызыгып эми үйрөнүп келе жатышат. Бул оюнга Америкадан да спортчулар келип катышат деген сөздөр бар», - деди ал.

Жаш спортчу үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

«Менден кийин карындашым жана иним бар. Иним футболго кызыкса, карындашым сабактардан мыкты окуйт. Мен болсо келечекте жакшы окуу жайга тапшырып, жакшы кесиптин ээси болсом дейм. Ошондой эле тогуз коргоолду да өнүктүрсөм деп максат коюп жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×